Социалдык чөйрө

Нарын облусунун социалдык тармагы боюнча жалпы маалымат

 

Социалдык тармак боюнча:

 

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу: Нарын облусу боюнча жалпы 2022-жылдын 1-июлуна карата  6198 аз камсыз болгон үй-бүлөгө же 20167 (20935) балага  бирдиктүү бир айлык «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу каржыланып, былтыркы жылга салыштырмалуу 342  үй-бүлөгө, 768  балага  азайган. Каржыланган акча каражаты 151 млн 802 миң 800 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу  5 млн 102 миң 400  сомго көп  төлөнгөн. 2022-жылдын 1-июнунан баштап жөлөкпулдунорточо  өлчөмү 1920сомду түздү.

Социалдык жөлөкпул алуучулар: 2022-жылдын 1-июлуна   карата    облус боюнча 7788 адамга 340 млн 544миң 100 сом социалдык жөлөкпул чектелсе сом социалдык жөлөкпул каржыланган. Былтыркы жылга салыштырмалуу 341 адамга аз чектелген,ал эми каржылоо 141 млн 678 миң  сомго көбөйгөн. 2021-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №211 токтомуна ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан баштап 50%га,  2022-жылдын 1-январынан тартып социалдык жөлөкпул алуучулардын жөлөкпулу 100 пайызга көтөрүлдү.

Жакырчылыктын деңгээли: Нарын облустук мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча облуста жалпы калктын жакырчылыктын деңгээли 2011-жылы 49,9%, 2012-жылы 39,9%, 2013-жыл 43,8%, 2014-жылы  30,6%, 2015-жылы 38,0%, 2016-жылы 37,8%, 2017-жылы 29,2%, 2018-жылы 30,6%, 2019-жылы 28, 1%, 2020-жылы 36,8 %ды түзгөн.2021-жылы 32,7 % түздү.

Ассистенттер боюнча: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы «Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» №556 токтомуна ылайык, багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон балдарды баккан ассистентке 683  13 млн  242 миң  342 сом  каржыланды. Салыштырмалуу  1 млн 506 миң 607 сомго көп каржыланган. Ассистенттин саны 83кө көп  болгон.

2022-жылдын июль айынан тарта 18 жаштан жогору ден соолугунун мүмүкүнчүлүгү чектелген адамдардын ассистенттерине 6268 сом эмгек акы төлөнүп жатат.

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу: Облус боюнча жумушсуздуктун жалпы деңгээли 2021-жылда  6,3 % түзгөн. Официалдуу жумушсуздуктун деңгээли 2,8%.

2022-жылдын 1-июлуна    карата жумуш издеп каттоодо тургандардын саны  3666 (4042), расмий жумушсуздук статусу бар катары каттоодо тургандардын саны  2761 адамды түздү.

Активдүү иш-чараларга коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 2022-жылдын 1-июлуна   карата 307 адам тартылган. Жумушсуздардын ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү  багытында кесиптик окутуу жана кайра даярдоо кыска мөөнөттөгү курстарга 123 жумушсуз жаран жиберилген. Ишке орношкондордун саны 2022-жылдын 1-июлуна 295.

Миграция боюнча: 2022-жылдын акыркы 5 ай ичинде облустун аймагына келгендердин жалпы  саны 588 адамды түзсө, чыгып кеткендердин саны 1190 адамды түзүп, былтыркы жылдын 2 айына салыштырмалуу келгендердин саны 27 адамга, чыккандардын саны 342 адамга көбөйгөн.

Калктын аярлуу катмарына көрсөтүлгөн жардамдар: 2021-2022-жылдардын кыш айларында  3836 үй-бүлөгө нак акчалай 865700 сом жардам катары берилсе, 2471, 5 т көмүр  отунунан жардамдар уюштурулуп берилди. Мунун ичинен 1564 үй-бүлө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жараны бар үй-бүлө, жергиликтүү бюджеттен   акчалай 273 000 сом, 988 тонна көмүр отунунан жардам берилди.   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик материалдык резевдер фондунан Нарын облусуна гуманитардык жардам катары 21 212 аз камсыз үй-бүлө үчүн   21 212 кап, башкача айтканда  1 060 тонна  ун тартылып келинип  таратылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 2022-жылдын 6 айында  51 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга 103 000 сом материалдык жардам. 108 аз камсыз адамга 131000 сомдук материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июнундагы  №1 протоколуна ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөнүн  электрондук социалдык паспортун толтуруу ишке ашырылып, 2022-жылдын 1-жарым жылдыгында облус боюнча 21122  аз камсыз үй-бүлө аныкталып, 21122 үй-бүлөгө социалдык паспорт толтурулуп, 100 %га аткарылды. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Аз камсыз болгон жарандарды электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндөгү» 2022-жылдын 6-декабрындагы №546 жарлыгына ылайык,  2022-жылдын 1-июнуна карата “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган  аз камсыз 6128 үй-бүлөнүн  ичинен 5988 үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен колдонууга киргизилди.

Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын  алкагында 2022-жылы  44 айыл өкмөттөрү долбоорго тартылып,  76 долбоор ишке ашырылып, 2799 аз камсыз үй-бүлөгө 36 467,85  кг  ун,  23400 л май, 40 000 АКШ доллары жана 1 203 500 сом акчалай берилди. 

 Пенсияларды чектөө боюнча: 2021-жылдын 1-июлуна  карата  пенсионерлердин жалпы саны 52580 адам болсо,  2022-жылдын 1-июлуна карата  пенсионерлердин жалпы саны 53526 адамды түздү.  2021-жылдын 1 жарым жылына  салыштырмалуу пенсионерлердин жалпы саны 946 адамга көтөрүлгөн. 6 ай   ичинде   53440 пенсионерге 2 млрд 179 млн 699 миң 200   сом акча каражаты төлөнүп берилсе, анын   ичинен  «Кыргызпочта»   ишканасы   аркылуу 9970 пенсионерге  435 млн 719 миң 200   сом пенсия таратылган. Банк аркылуу  43470   пенсионерге  1млн 743 миң 980    сом   каржыланды.   Пенсиянын орточо өлчөмү  6653 сомду түздү

Билим берүү тармагы: Нарын облусу боюнча билим берүү тармагында 2 жогорку окуу жайы (Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Борбордук Азия университети), 3 колледж (педколледж, медколледж, агро-техникалык колледж), 7 кесиптик лицей, 143 жалпы билим берүүчү мектеп, 143 бала бакча (1 менчик), 4 балдардын билим берүү борбору иш алып барат.

Орто мектептер боюнча:  2021-2022-окуу жылында 143 мектеп болуп, 60 917 окуучу билим-тарбия алышууда.Мугалимдердин саны  2021-2022- окуу жылында 5534 (5544) мугалим иштеп жатат, анын ичинен пенсия жашындагы мугалимдер 1324 жаш мугалимдер 510. Жетишпеген кадрлардын саны 8.

2021-2022-окуу жылында жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны 8842 (8619) болуп, 9-классты облус боюнча 5132 окуучу, 11-классты 3710 окуучу аяктады.

Республикалык предметтик олимпиада: 2021-2022-окуу жылы республикалык  турга облус  боюнча жалпы 35 окуучу катышты, мунун ичинен  5 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту.

Район, шаар

Республикага барган окуучунун саны

Мектеби

Байгелүү орундарга ээ болгон окуучулардын маалыматы

Предмети

Ээлеген орду

Жалпы байгелүү орун

1.

КТЛ

8

М.Субакожоев атындагы мектеп-лицей

Алмазов Алай,

 10-класс

Биология

 

1-орун

 

 

2

Бейшекеев Данияр,        11-класс

Информатика

3-орун

2.

Ат-Башы

8

Н.Үсөналиев атындагы орто мектеп

Адил кызы Нуржаз         10-класс

Тарых

3-орун

1

3.

Кочкор

7

-

-

-

-

-

4.

Нарын ш

5

№5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектеп

Алмаз кызы Жанна

11-класс

 Кыргыз тили жана адабияты

3-орун

1

5.

Ак-Талаа

2

-

-

-

-

-

6.

Нарын р

2

К.Абиров атындагы орто мектеп

Максат кызы Толгонай  11-класс

 Кыргыз тили жана адабияты

3-орун

1

7.

НОЛЖМ

2

-

-

-

-

 

8.

Жумгал

1

-

-

-

-

 

 

Жалпы:

35

 

 

 

 

5

 

 Жалпы республикалык тестирлөө: 2021-2022-окуу жылы  ЖРТ га 3229 (3162) окуучу катышып, 1284 (1400) окуучу 110 чейин балл алышкан. Ал эми 200 баллдан жогору көрсөткүчкө 21  (23) баллга ээ болгон.

“Алтын сертификатка”  2020-2021-окуужылы 2 окуучу татыктуу болсо (Адисова Нургуль Ак-Талаа ррайону 227 жана  Бакыт уулу Бекмырза 220 балл М.Субагожоев атындагы Нарын-лицейи), 2021-2022-окуу жылы  2 окуучу ээ болду (Жумгал р. Адылов Адилет – 221 балл, Кочкор р. Кыдыров Баястан – 222 балл).

 

Жалпы республикалык тестирлөө

Район, шаар

ЖРТгө катышкан окуучулардын саны

110 баллга чейин алган окуучулардын саны

110 баллдан 130 баллга чейин алган окуучулардын саны

130 баллдан 150 баллга чейин алган окуучулардын саны

150 баллдан 170 баллга чейин алган окуучулардын саны

170 баллдан 190 баллга чейин алган окуучулардын саны

190 баллдан 200 баллга чейин алган окуучулардын саны

200 баллдан жогору окуучулардын саны

 

Билим сапаты

 

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

2021

2022

Ак-Талаа

394

430

170

185

96

104

59

76

42

38

18

22

5

5

4

-

57%

56,9%

Ат-Башы

652

601

298

241

142

153

100

95

71

59

31

30

7

14

3

9

54%

60%

Жумгал

411

445

204

215

106

114

61

70

20

28

16

14

3

3

1

1

50,3%

51,6

Кочкор

723

734

369

301

173

260

97

107

65

42

11

13

4

5

4

6

55%

58,9%

Нарын р

520

565

222

211

125

134

81

113

55

69

27

29

5

7

5

2

57%

63%

Нарын ш

429

421

134

127

69

138

116

71

68

56

34

24

5

3

3

2

68.7%

69,8%

Ү.Асанов ат.ОМЛИ

13

11

3

2

5

5

4

3

-

-

1

1

-

-

-

-

77%

63,6%

М.Субакожоев ат.НЛ

20

22

-

2

5

1

6

3

4

5

1

8

1

2

3

1

100%

90,9%

Жалпы

3162

3229

1400

1284

721

909

524

538

325

297

139

141

30

39

23

21

64,8%

64.37

 

"Алтын тамга”

 2021-2022-окуу жылы артыкчылык аттестатына 177 (116) талапкер болуп, 1 (30) гана окуучу татыктуу болду.(Ак-Талаа районунан Жоломанова Аймырза).

   №

Району

Талапкерлер

Өткөнү

2020-2021

2021-2022

2020-2021

2021-2022

  1.  

Ак-Талаа

12

16

4

1

  1.  

Ат-Башы

27

38

10

-

  1.  

Жумгал

13

15

2

-

  1.  

Кочкор

25

42

5

-

  1.  

Нарын р.

10

22

3

-

  1.  

Нарын.ш

27

29

5

-

  1.  

НОМЛИ

1

2

-

-

  1.  

Субакожоев ат Б.Л

1

5

1

-

  1.  

Облус боюнча

116

177

30

1

 

Билим сапаты: Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен быйылкы 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча 64,4% (64,8) түздү.  Ал эми облустагы жалпы мектеп окуучуларынын билим сапаты   2021-2022-окуу жылы 54,2%  (54,4)түздү.

Район, шаар

2020-2021

2021-2022

1

Ак-Талаа

52,9%

52,2%

2

Ат-Башы

53.57%

52%

3

Жумгал

49,5%

50%

4

Кочкор.

52,4%

52,8%

5

Нарын р

48%

49 %

6

Нарын.ш

54.1%

54%

7

Ү.Асанов ат.НОЛЖМ

53%

52%

8

Субакожоев ат НЛ

72%

71,4%

 

Облус боюнча:

54,43%

54,17%


Саламаттык сактоо боюнча: Нарын облусу боюнча 1 үй бүлөлүк дарыгерлер борбору, 1 облустук оорукана, 1 соттук экспертизалык бюросу, 1 кара чумого каршы күрөшүү борбору, 1 кургак учукка каршы күрөшүү борбору, 1 СПИДке каршы күрөшүү борбору, 1 кан борбору, 2 Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, 1 медициналык колледж, 4 жалпы дарыгерлик практикалык борбору, 80 фельдшердик акушердик пункт, 48 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 медициналык информациялык борбор бар.

Нарын облусу боюнча жалпы медициналык кызматкерлердин саны 3069 болсо, алардын ичинен 351 дарыгер, 25 дарыгер ординатор, 1465 мед. айымдар,  44 тиш дарыгер, 66 биолог адистер врачтардын ордуна, 11 орто билимдүү фармацевтер, 10 фармация боюнча правизорлор, 567 кенже кызматкерлер жана 530 башка адистер (шофер, кароолчу, электрик, сантехник ж.б) иш алып барат.

Нарын облусунда-150 (154) дарыгер жетишпейт. Райондор боюнча алсак, Нарын району 5, Нарын шаары 51, Ак-Талаа району ЖДПБ-25, Ат-Башы району ЖДПБ-20, Жумгал району ЖДПБ-24, Кочкор району ЖДПБ-25.

Спорт тармагы боюнча:2022-жылдын 1-жарым жылдыгында спорттун 23 түрү боюнча жалпы 128 спорттук иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү. Аларга 11332 спортчу катышты. Мелдештердин жалпы байге фондусу 3 705017 сомду түздү, анын ичинен: облустук спорт башкармалыктан 1 124 689 сом; жергиликтүү бюджеттерден 301 668 сом; демөөрчүлөрдөн 2 278 660 сом каржыланды.

Жарым жылдын ичинде Кыргызстандын башка айматарында өткөн 8 республикалык мелдешке облустун атынан жалпы 71 спортчу катышып, аларга 162 472 сом иш сапарлык чыгымдар каржыланды. Ири мелдештерге даярдык көрүү максатында 3 окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлүп, 53 спортчуга 153 000 сом жумшалды.

Эл аралык мелдештер: 2022-жылдын 19-26-июнь күндөрү Бишкек шаарында 17 жана 23 жаш курактагы балбандар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты болуп, бул ири спорттук мелдешке Кыргызстандын спортчулары, анын ичинен Нарын облусунун 7 балбаны катышып, 1-орунду 3ө, 3-орунду 4ө камсыз кыла алышты. Бахрейн мамлекетинде 15 жаш курактагы балбандар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп, 1-орунду 1, 2-орунду 1 спортчу камсыз кылышты.