Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн куттуктоолору

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн жаңы жылдык куттуктоосу

Урматтуу теңиртоолуктар!
Сиздерди босогобузда турган жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!
Кудайдын буйругу жана жетекчиликтин ишеними менен Нарын облусуна жетекчи болуп, жаңы жылды Сиздер менен тосуп жатканыма кубанычтамын.
Өтүп бара жаткан жыл Кыргызстандын, анын ичинде Нарын облусунун эли үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Жыл ичинде Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун аракети менен экономикалык бир катар өнүгүү кадамдары жасалды. Калкыбыздын социалдык абалын жакшыртууга кам көрүлүп, пенсия, жөлөкпулдар, эмгек маяналар көбөйдү. Өлкөбүздүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө, айрыкча көп жылдардан бери каралбай келген ирригация системасын жакшыртууга, жолдорго асфальт төшөөгө, социалдык обьектилерди курууга жана токтоп турган курулуштарды жандандырууга жакшы көнүл бурулду.
Нарын облусунун социалдык-экономикалык тармактарында дагы алгылыктуу аракеттер болду. 2022-жылдын 11 айында өнөр жай тармагында 3,5 миллиард сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 811 миллион сомго көбөйдү.
Жыл ичинде Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турган 100 мегаваттык “Куланак” ГЭСинин курулуш иши башталды. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен “Солтон-Сары” алтын кени кайрадан ишке кирди. “Турук” көмүр кенин туруктуу иштетүү максатында “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасын түзүүгө жетиштик.
Жолдорго асфальт төшөө боюнча каражат жакшы бөлүнүп, 20 чакырым жол асфальтталды. Буюрса Президентибиздин колдоосу менен Нарын - Баетов - Кош-Дөбө, Сары-Булак - Кара-Кужур - Солтон-Сары унаа жолдорун жана Нарын шаарынын 18 чакырым ички жолун асфальттоо жумуштары быйылкы жылдын бюджетине киргизилет деп турабыз.
Өзүңүздөр билгендей, Президентибиздин демилгеси менен Нарын облусунун ирригация системасын жакшыртууга 104 миллион сом, же өткөн жылга салыштырмалуу 5 эсе көп каражат каралды.
Эң негизгиси Нарын облусунун экономикасын көтөрүү максатында реформа жасоо боюнча сунуштаган пилоттук долбоорубуз жетекчилик тарабынан колдоо тапты. Буюрса жаңырган жыл ичинде чоң пилоттук долбоорду ишке ашырганы турабыз. Анын негизинде жайыт комитети, ичүүчү суу пайдалануучулардын коомдук бирикмеси, суу пайдалануучулар ассоциациясы, тазалык сыяктуу коомдук уюмдардын төлөмдөрдү чогултуу укуктары айыл өкмөттөрүнө толугу менен өткөрүлүп берилет. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу менен жергиликтүү бюджетке каражат түшүрүп, аны менен айыл аймактарынын жол, суу, көпүрө жана башка чарбалык, инфраструктуралык маселелерин чечүү, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу милдети турат.
Бул жумуштарды ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын башкаруу тутумун өзгөртүп, жаңыча иш алып баруунун алдында турабыз.
Акыркы 6 ай ичинде эл аралык мамилелерди бекемдөө, инвесторлорду тартуу жаатында дагы жакшы натыйжаларга жетиштик. Мисалы, Нарын облусу менен Түштүк Кореянын Ганвон-до Инже округунун ортосунда достук алакасын түзүп, кызматташуу меморандумуна кол койдук. Кореялыктар Нарын облусуна 5 мегаватка чейин чакан ГЭС куруп берүүнү убада кылышты.
Ошондой эле Өзбекстандын Фергана облусу менен кызматташтык улантылып, иштетилбей турган айыл чарба жерлерин ижарага берип иштетүү багытында жакшы иштер башталганы турат.
Алдыга койгон пландарыбыз абдан көп. Башталган иштер, алдыдагы пландар ишке ашып, жаңы жылыбыз ийгиликтердин, жакшы саамалыктардын жылы болот деген үмүттөмүн.
Жаңы жыл мамлекетибиз үчүн, анын ичинде Нарын облусунун эли үчүн өнүгүүнүн, тынчтыктын, токчулуктун жылы болсун! Ар бир үй-бүлөгө ден соолук, аманчылык, ынтымак-ырыскы, бак-дөөлөт алып келсин!!!
Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!
Терең урматым менен,
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов.