Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн куттуктоолору

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Курман айт майрамына куттуктоосу

 

"Ардактуу Нарын облусунун тургундары!

 

Кадырлуу мусулмандар!

 

Сиздерди ыйык Курман айт майрамыӊыздар менен өзүмдүн жана аппаратымдын атынан чын ниетимден куттуктайм!

 

Курман айт – кайрымдуулуктун, ишенимдин, жакшы тилектердин майрамы. Бул күндүн башкы мааниси - башыбыздын аманчылыгын, ден соолугубуздун бекемдигин Жараткандан тилеп, курмандык кылуу. 

 

Курман айт майрамы ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман, жүзүбүзгө нур, колубузга береке, элибизге кең пейил, жерибизге тынчтык алып келип, ийгиликтин бардык мүмкүнчүлүктөрүн ачып беришине тилектешмин.

 

Ушул күнү тилеген бардык тилектерди Жараткан кабыл кылып, ар бир үй-бүлөгө ден соолук, эсенчилик, мамлекетибизге тынчтык, өнүгүү берсин!!! 

 

Теңир Тообуздун тоодой бийик элин ырыскы-кут жылоолоп, элибизди, жерибизди бөөдө кырсыктардан, сук көздөн, суук сөздөн сактасын!!!

 

 Айтыӊыздар маарек болсун!!!"