Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн куттуктоолору

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн Энелер күнүнө куттуктоосу

"Ардактуу ак элечек апалар!

Жашоонун башаты, дүйнөнүн тиреги болгон мээрман Энелер!

Сиздерди Энелер күнү - жаркын майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Ак саамай апаларыбыздын ичинде мени жарык дүйнөгө алып келип, аздектеп өстүргөн асыл апакеме да өзгөчө куттугумду арнап, таазим кылам...

Энелердин мээрими, ак батасы бизди ар кандай жамандыктардан коргоп, жашообузга дем берип турат.

«Бешик терметкен кол дүйнөнү башкарат» дегендей, акылгөй, сабырдуу, нарктуу энелерибиздин даанышмандыгы менен кыргыз эли кыйын күндөрдө мамлекеттүүлүгүн, улуттук ар-намысын жоготпой, кылымдарды карыта жашап келген жана жашай берет.

Ардактуу асылзаада Энелер!

Майрамыңыздар кут болсун! Жүзүңөрдөн бакыттын нуру төгүлүп, балдарыңардын урмат-сыйына бөлөнүп, ден соолукта, бакубат, узак өмүр сүрүңүздөр!!!"