Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн куттуктоолору

Ыйгарым укуктуу өкүл А.Эргешовдун Улуу Жеңиш майрамына куттуктоосу

"Ардактуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери! Кадырлуу теңиртоолуктар!

Жолдош сержанттар, прапорщиктер, офицерлер!

Сиздерди бүгүнкү Улуу Жеңиш майрамы менен чын жүрɵгүмдɵн куттуктайм!

9-Май - аталардын тɵгүлгɵн каны, энелердин кɵз жашы, балдардын кусалыгы, согуштан соолуган элдин үмүт-тилеги акталган ыйык күн!

Биз арабыздагы сыймыктуу ардегерлерибиздин эрдиги, кайраттуу эрки менен ачык асман алдында, бейпил турмушта жашап жатабыз.

Кадырман ардагерлер!

Сиздердин муун - жеңүүчүлөрдүн жана жаратмандардын мууну! Эрдиктин, кайраттуулуктун жана каармандыктын бийик үлгүсү.

Сиздер дүйнөнүн тарыхындагы эң катаал согушта өлүмгө тике карап, душмандар менен салгылашып, оорукта күн-түн эмгектенип, Улуу Жеңишти алып келдиңиздер! Биз үчүн жана кийинки урпактар үчүн эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартууладыңыздар! Жеңиш майрамында Сиздерге улуу эрдигиңиздер жана кайратман эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем!

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миӊден ашык мекендештерибиз катышса, Нарын облусунан 19237 адам согушка аттанып, 8104 жоокер гана аман кайткан. Тилекке каршы, 11133 адам согуштан кайткан эмес.

Кыргыз жоокерлери согуштун биринчи күнүнөн эле баатырларча кармашып, эрдиктерди көрсөтө башташкан. Кыргызстандын жоокер комиссары, генерал-майор И.В.Панфилов жетектеп, курамы Дүйшөнкул Шопоков баштаган кыргыз аскерлеринен турган 316-аткычтар дивизиясынын Москваны коргоодогу эрдиктерин, Чолпонбай Түлөбердиевдин душмандын дзотун көкүрөгү менен тосуп, башкаларды сактап калган каармандыгын баарыбыз жакшы билебиз. Улуу Ата Мекендик Согуштун ондогон Баатырларынын ичинде Теңир Тоодон чыккан Дайыр Асанов, Анварбек Чортеков сыяктуу аталарыбыздын ысымы бар. Биз алар менен түбөлүк сыймыктанабыз!

Согуш майданында курман болгон жоокер аталарыбыздын жана андан кийин көзү өткөн бардык ардагерлерибиздин

ысымдары Улуу Жеӊиштин даӊктуу таржымалында түбɵлүккɵ жазылып калды. Алардын жасаган эрдиги жана ысымдары эч качан унутулбайт!

Бүгүнкү күндө согуштан кайткан 8 миңден ашык ардагерлерибиздин үчөө гана арабызда бар. Ал эми миңдеген оорук ардагерлеринен 18 гана адам калды.

Улуу Жеңиштин 78 жылдыгын көрүү бактысы буюрган ардагерлерибизге бекем ден соолук, аманчылык, бакубат жашоо каалайм!

Урматтуу Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн каарман жоокерлери, жолдош сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер!

Сиздер жеңишчил, жаратман муундун салттарын татыктуу улантып, тынчтыктын, коопсуздуктун сакчылыгында бекем тураарыңыздарга терең ишенебиз! Ѳлкɵбүздɵ ар дайым тынчтык болуп, асманыбыз ачык болсун!".