Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн куттуктоолору

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Эргешовдун Эгемендүүлүк майрамына куттуктоосу:

“Кадырлуу теңиртоолуктар!!!
Жалпыңыздарды бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!!!
Эгемендүүлүк – кыргыз элинин бактысына бүткөн улуу баалуулук. Биздин ата-бабаларыбыз сан кылымдар бою кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө, көз карандысыздыгын сактоо үчүн күрөшүп, ушул баалуулукту урпактарга калтыруу аракетин көрүшкөн. Кыргыз эли канча миң жыл жашаса кыргыздын эгемендикке болгон мүдөө, тилеги да ошончо жыл, кылым, мезгил карыткан. Элибиздин бактысына буюрган көз карандысыздык майрамынын мааниси канчалык терең экендигин ар бир кыргызстандык жүрөгү менен сезип-туят жана ыйык тутунат деген ишеничтемин.
Кыргыздын соңку тарыхындагы эгемендикке ээ болгон 31 жылды жаш мамлекетибиздин телчигүү мезгили катары гана карап, эгемен өлкөбүздүн алдыдагы чексиз келечегине ишенимдүү кадам коюу мезгили эми келди деп эсептейм!
Кийинки жылдарда Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун аракети менен бардык тармактарда реформалар жасалып, өлкөбүздү өнүктүрүү аракети жүрүп жатканы жалпыбызга маалым. Кайсы тармакты албайлы, айлык маяналар көбөйүп, элдин социалдык шартынан баштап экономикалык, агрардык, инфратүзүмдүк абалына чейин көрүнүктүү өсүштөр байкалууда.
Нарын облусунда дагы көптөгөн жаңы багыттарга чыйыр салынып, облусту экономикалык, өңдүрүштүк, инфратүзүмдүк жактан өнүктүрүүгө көңүл буруп жатканыбызды белгилегим келет.
Облустун башкаруу түзүмүнө реформа жасоо, жергиликтүү бюджетке каражат түшүрүүнүн жолдорун табуу, айыл чарба тармагын кластердик ыкмалар менен өнүктүрүү, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоо тармагынын деңгээлин көтөрүү багытында дагы абдан көп пландарыбыз бар. Буюрса жакын арада биргелешкен аракеттерибиз жемишин берет деген ниеттемин. Бул максаттарды ишке ашырууда албетте элибиздин колдоосу зарыл.
Ынтымак, биримдик, бири-бирибизге болгон ишеним жана патриоттук сезим менен ар бирибиз өлкөбүзгө салым кошсок жакын арада өнүккөн Кыргызстанды көрөөрүбүзгө ишеним зор!
Урматтуу теңиртоолуктар!!!
Көз карандысыздык майрамыбыз кут болсун!!!
Эгемен Кыргызстаныбыздын туусу түбɵлүккө желбиресин!!!
Кыргыз мамлекети гүлдөп өнүгүп, келечекке карай сандаган кылымдарды карыта берсин!!!”.