Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн куттуктоолору

"Улутубуздун улуу байлыгы - эне тилибиз"

Жалпы кыргыз элин жана теңиртоолуктарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгы менен чын ниетимден куттуктайм!
Мамлекеттик тил – мамлекеттин негизги белгиси, руханий казынасы. Кыргыз эли үчүн эне тил майрамынын мааниси зор. Себеби улутубуздун улуу байлыгы - эне тилибиз. Кыргыз тилинде маданиятыбыздын туу чокусу болгон “Манас” эпосу жаралган. Чыңгыз Айтматовдун дүйнөнү таң калдырган шедевр чыгармалары кыргыз тилинде жазылган. Дүйнөдө жок төкмөлүк өнөр кыргыздар менен казактарга гана таандык. Кыргыздын ар бир макал-ылакабынын, фразеологизмдеринин терең философиялык, тарбиялык мааниси бар.
Кыргыз тилинин өзгөчөлүгү анын байлыгында гана эмес жөнөкөйлүгүндө, уккулуктуулугунда, кооздугунда. Бул тууралуу чыгыш таануучу-түрколог, этнограф, “Манас” изилдөөчү В. В. Радлов кыргыздын ошол замандагы сөз кудуретине таң калып: “Кыргыздар өздөрүнүн түрк уруулаштарынан укмуштуудай сүйлөө чеберчилиги менен айырмаланат. Жөнөкөй эле сүйлөшүүдөгү сүйлөмдөрү уйкалышып, ыр сыяктуу таасир калтырат. Сөздү айтканга да, укканга да кумарланган эл. Чечендиктен чексиз рахат алып, сөз күчүн эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалашат. Кыргыздардын элдик поэзиясынын өтө өнүккөндүгүнүн табияты ушунда”,-деп жазганы бар.
Кыргыз тили - кыргыз тарыхы. Ал кыргыз эли менен сандаган кылымдарды басып өтүп, турмуштун ар кандай шарттарын башынан кечирип, бүгүнкү күнгө мурасталды. Ата-бабаларыбыз эне тилибизди “Манас” баш болгон элдик оозеки чыгармалары менен бирге көздүн карегиндей сактап, аманат катары бизге жеткирди.
Тил жоголбойт, жоголсо жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!,- деп кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев жазгандай бүгүн эне тилин жоготкон эл - эртең элдүүлүгүн жоготот. Ал эми элдүүлүгүн жоготкон эл мамлекеттүүлүгүн жоготуп, башка улуттарга сиңип жок болот.
Андыктан эне тилибиздин улуулугун, байлыгын, көркөмдүгүн кадырлап, байытып, кийинки муундарга өткөрүп берүү ата-бабаларыбыздын рухунун, тарыхыбыздын жана келечек урпактардын алдындагы ыйык милдетибиз деп эсептейм. Тилибиздин нукуралыгын сактоодо теңиртоолуктар башка облустарга үлгү болуп келгенибиз менен сыймыктанабыз. Бул озуйпаны мындан ары да татыктуу аркалап, улутубуздун уюткусу болгон эне тилибиздин кадырын арттыра берели!!!
Терең урматым менен,
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов.