Өнөр жай

Нарын облусунун өнөр жай тармагы боюнча маалымат

Өнөр  жай  продукциясын өндүрүүнүн  көлөмү: 2022-жылдын  январь-июнь  айларынын жыйынтыгы менен  1786,8 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2021-жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 208,8 млн.сомго көбөйгөн,  же өсүү темпи 150,6 %ды түздү. Физикалык  көлөмдүн  индекси  130,5 % болду.

 

Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү

              

 

Көрсөткүчтөр

 

Өлчөө бирдиги

2021-жылдын

январь-июнь айларынын  фактысы

2022-жылдын январь-июнь айларынын

 

прогнозу

 

факты

прогнозго карата % менен

фактка карата % менен

Өнөр   жай продукциясынын көлөмү

аракеттеги бааларда

млн. сом

1186,3

1578,0

1786,8

113,2

150,6

физ.көлөмдүн индекси %

 

 

 

130,5

 

 

Продукциянын маанилүү түрлөрүн өндүрүү

Электр энергиясы

млн. кВт/саат

57,3

79,0

85,5

108,2

149,2

Көмүр

миң тонна

403,5

635,0

670,8

105,6

166,2

        

Облустун өнөр жай продукциясын өндүрүүсү 2021-жылдын январь-июнь айларына караганда 50,6 %га көбөйүп, же өсүү темпи 150,6%ды түздү. Физикалык көлөмдүн индекси 130,5%ды түздү.

Нарын облусунун өнөр жай тармактарына бөлүштүргөндө физикалык көлөмдүн индекси төмөнкүнү түздү: тоо-кен казуу өнөр жайы боюнча – 164,2%, иштетүү өнөр жайы боюнча – 136,3%, энергетика өнөр жайы боюнча– 110,0%, суу менен камсыз кылуу, калдыктарды тазалоо, кайра иштетүү өнөр жайы боюнча –  93,8%.

Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө 2021-жылга салыштырмалуу электр энергиясын өндүрүү менен бөлүштүрүүнүкү 8,1%, кайра иштетүүнүкү- 36,8% көбөйүп, ал эми тоо-кен казуу өнөр жайынын үлүшү 7,0%, суу менен камсыз кылуу, калдыктарды тазалоо, кайра иштетүү өнөр жайыныкы 21,0% азайган.

 Ат-Башы ГЭСи боюнча:

 2022-жылдын 6 айына берилген план 79,0 млн кВтч болсо, Ат-Башы ГЭСИ 85,50 млн кВт саат электр энергиясын өндүрүп чыгып, план 108,2% аткарылды. Товардык продукция 2022-жылдын 6 айына 61 117,5 миң сомду түздү. Жалпысынан оңдоо жумуштары 2022-жылдын 6 айында  1млн 586 миң сомго аткарылды.

Реконструкция иштерине 2022-жылдын 6 айында Швейцариялык гранттын эсебинен 135млн 951,1 миң сом каралган ал эми сарпталган акча каражаты 107 млн 438,3 миң сомду түздү. “Электр Станциялар” ААКнун өздүк каражатынан 1млн 536,2 миң сом сарпталды. Жалпы 2022-жылдын 6 айында реконструкциялоо иштерине  108 млн  974,5 миң сомдук жумуштар аткарылды.

 

         Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн райондор боюнча көлөмү

 

 

 

Райондор

 

 

 

 

 

 

 Өлчөө бирдиги

2021-жылдын январь-июнь айларынын

фактысы

2022-жылдын  январь-июнь айларына

Физ.көлөмдүн

индекси

(%)

Факт

Салыштырмалуу, 2021-ж январь-июнь  айларына,  %

1

Ак-Талаа

млн. сом

13,3

22,2

166,9

100,4

2

Ат-Башы

млн. сом

14,3

18,2

127,3

103,5

3

Жумгал

млн. сом

467,8

791,1

169,1

159,7

4

Кочкор

млн. сом

31,2

36,0

115,4

100,2

5

Нарын р.

млн. сом

87,7

102,5

116,9

110,6

6

Нарын ш.

млн. сом

572,0

816,8

142,8

135,4

Облус боюнча:

млн. сом

1186,3

1786,8

150,6

130,5

Райондор боюнча алганда физикалык көлөмдүн  индексин бардык райондор жана Нарын шаары 100 пайыздан жогору камсыз кылышты. 

Облус боюнча 2022-жылдын январь-июнь  айларында  670 800,3   тонна көмүр казылды, бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 267 301,1 тоннага көп казылган, же өсүү темпи 166,2 % ды түздү.

Нарын облусунда  32 өнөр жай ишканасы өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Анын ичинде 15 көмүр казуучу ишкана "Кара-Кече" көмүр кенинде жана 3 ишкана "Турук" көмүр кенинде көмүр казуу ишин алып баруу менен облустун көмүр керектөөсүн камсыздап келишет. Энергетика тармагында электроэнергия өндүргөн Ат-Башы ГЭСи облуста жалгыз электроэнергия өндүрүүчү ишкана болуп эсептелет. Мындан башка облуста  «Солтон-Сары» алтын кени, кирпич чыгаруучу завод, сүттү кайра иштетүүчү заводдор өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет.