13-февраль 2023

Кароолор: 55

Жаңы имарат куруу аракети башталды

Нарын шаарынын борбордук көчөсүндө жайгашкан Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун мурдагы имараты көп жылдан бери авариялык абалда турат.
Бүгүн облус жетекчиси Алтынбек Эргешов бир чети шаардын көркүн бузуп, экинчиден жерди ээлеп пайдаланылбай турган имаратты көрүп, тагдырын чечүү мезгили келгенин айтты. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбековго жаңы имараттын долбоорун даярдоо тапшырмасын берип, “каражат булактарын издейбиз” деди.
Ч.Нарынбеков бул жерге диагностикалык борбор куруу пландалып, бирок каражат эч жерден чечилбей келгенин, буюрса тез арада долбоор даярдоо иши колго алынаарын билдирди.
Аталган имарат боюнча муз ордунан жылды. Буюрса жакынкы мезгилдерде медицина тармагында дагы бир жаркыраган имарат курулат деген үмүт бар.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.