23-май 2023

Кароолор: 93

Т.Усубалиевдин ишмердүүлүгүн камтыган басылма жарык көрдү

23-майда Кыргызстанды чейрек кылым башкарган көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин өмүр баяны, мамлекеттик ишмердиги камтылган китептин бет ачары болду.
Жаңы басылма өлкөнүн легендарлуу парламентинин депутаты, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыбек Максутовдун калемине таандык.
Китептин бет ачар аземи КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн уюштуруусу менен автордун жана Нарын шаарынын коомчулугунун катышуусунда өткөрүлдү.
Китептин автору Бактыбек Максүтов өзүнүн эмгегинде Турдакун Усубалиевдин өмүр таржымалы менен бирге ошол 1960-1970-жылдардагы Кыргызстандын тарыхы, саясий турмушу, экономикасы, маданияты, ал кездеги Т.Усубалиевдин замандаштары , үзөңгүлөштөрү тууралуу да маалыматтар камтылганын белгиледи. Китепти жазуунун максаты улуу инсандардын тарых-таржымалын кийинки муундарга жеткирүү экенин айтты.
Иш чарада катышуучулар тарабынан Т.Усубалиевдин кыргыз эли үчүн калтырып кеткен эмгегин, тазалыгын, улуулугун камтыган китептин авторуна ыраазычылык билдирилди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангынданы аппарат жетекчи Жылдызбек Беккелдиев облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси жана буйругу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн "Турдакун Усубалиев" атындагы сыйлык уюштурулганын маалымдады. Китептин авторуна ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешовдун Ыраазычылык катын тапшырып, калеми курчуй берүүсүн тилек кылды.
Автор Ж.Конурбаева атындагы Нарын шаардык китепканасына жаңы басылманын 17 даанасын белек кылды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.