10-февраль 2022

Кароолор: 27

Теңир Тоо элинен түрк боордошторго жардам

Күтүүсүз келген кырсыктан жабыркап турган түрк боордошторго Нарын эли сабыр тилөө менен моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүүгө кол сунат.
Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана облустун бардык бюджеттик мекеме-ишканаларынын эмгек жамааттары бир күндүк айлык маянасын которуп бере тургандыгын билдиребиз.
Мындан сырткары жылуу кийим-кече, азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү каражаттарды топтоо иштери уюштурулууда.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.