15-май 2023

Кароолор: 66

Ондолуп жаткан жолдордун абалы көзөмөлдө болот

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун аракети менен унаа жолдорун ремонттоого өзгөчө көнүл бурулуп жатат. Өткөн жылы Нарын облусунда 26,5 чакырым жол асфальтталса, быйыл 103,5 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Анын ичинен капиталдык салымдар беренесинен 50,9, титулдук тизмеден 34, демөөрчүлөр тарабынан 18,5 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.
Учурда жумуштар башталып, Нарын шаарынын ички көчөлөрүндө, Нарын аэропортунда, Нарын-Баетов жана Сары-Булак – Арчалы – Оорук-Там унаа жолдорунда капиталдык ремонт иштери жүрүп жатат.
Райондор боюнча алсак, Нарын районунда 7,2 чакырым, Нарын шаарында 29,2, Ак-Талаа району боюнча 40, Ат-Башы району боюнча 17,5, Кочкор району боюнча 3, Жумгал району боюнча 6,5 чакырым жол ремонттолот.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Нарынга болгон иш сапарында Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун шаардын ички көчөлөрүн оңдоп берүү өтүнүчүн колдоого алып, демөөрчүлөрдү табуу жолу менен болсо дагы быйыл Нарын шаарынын ички көчөлөрү ремонттолоорун убада кылган. Ошол эле учурда Президент жолдорду кеңейтип, арык каналдары, тротуарлары, түнкү жарыгы менен кошо талапка ылайык сапаттуу бүтүрүүнү тапшырган.
Президенттин тапшырмасынын негизинде Нарын шаарынын 44 көчөсүнө (Капиталдык салымдар беренесинен 10,7, демөөрчүлөр тарабынан 18,5 чакырым жолго) асфальт төшөө жумуштары башталды. Жолдордун сапаты облус жетекчиси А.Эргешовдун көзөмөлүндө.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.