13-февраль 2023

Кароолор: 91

Облустук оорукананы оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат

Учурда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын реанимация бөлүмүндө капиталдык ремонттоо иштери жүрүп жатат. Бул үчүн облустун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 3 миллион 373 миң сом бөлүнүп берилген.
Бүгүн, 13-февралда Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов оорукананын капиталдык оңдоп-түздөө ишинен кабар алды.
Бейтапкананын жетекчилиги жана курулушту жүргүзүп жаткан “Прогресс Кей Джи” ишканасынын өкүлдөрү иш башталгандан кийин кошумча жумуштар чыгып, дагы 300-400 миң сом каражат керек болуп жатканын билдиришти.
А.Эргешов эң негизгиси ишти талаптарга ылайык, сапаттуу бүткөрүү керек экенин эскертип, кошумча каражатты карап берүүнү “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун жетекчиси Т.Жанбоевге милдеттендирди.
Мындан сырткары аталган фонддон Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүн капиталдык оңдоп-түздөө жумуштарына дагы 2 миллион 987 миң сом бөлүнгөн. Буюрса жаз алды менен төрөт бөлүмүнүн оңдоп-түздөө жумуштары башталат.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.