16-май 2023

Кароолор: 68

Облус жетекчиси Нарын шаарындагы жолдордун ремонт иштерин көрдү

16-майда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Нарын шаарынын ички жолдорунда жасалып жаткан ремонт иштеринин абалын көрдү.
Быйыл Президенттин тапшырмасы менен Нарын шаарынын 44 көчөсүнө, же 29,2 чакырым унаа жолго асфальт төшөлөт. Анын 10,7 чакырымы республикалык бюджеттен, 18,5 чакырымы демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланат.
Ремонт иштерин КР Транспорт жана коммуникациялоо министрлиги өзүнүн №8 жана №41 жол тейлөө мекемелери аркылуу жүргүзүүдө.
Жолдун сапатын көзөмөлдөө үчүн Нарын шаардык мэриясы атайын техникалык көзөмөлдөөчү адис жалдаган. Мындан сырткары тиешелүү адистер, Нарын шаардык мэриясы карап жатат.
Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов жолдун сапатын, туура тапталышын, бардык талаптарга ылайык жасалышын өтө тыкыр көзөмөлгө алууну Нарын шаарынын мэри К.Тутуевге жана Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси К.Базаровго милдеттендирди. Жолчуларга ийгилик каалап, Президентибиздин тапшырмасын кынтыксыз аткарып берүүлөрүн өтүндү.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.