16-февраль 2023
Кароолор: 40
Облус жетекчиси Ак-Сайдагы малчылардан кабар алды
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов 15-февралда Ак-Сай өрөөнүнө иш сапары менен барып, ал жерде кыштаган малчылардан жана чек арачылардан кабар алды. Кыргыз-Кытай чек арасындагы жүк өткөрүүнүн абалын көрүп, “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктунда айдоочулар менен жолукту.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.