04-май 2023

Кароолор: 65

Нарындагы ардагерлерге Президенттин белектери ыйгарылды

Улуу Жеңиш майрамын утурлай Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров республикабыздын аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон майрамдык белек жолдоду.
Өлкө башчысынын белегин Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов дарегине жеткирип, ардагерлерди майрамы менен куттуктады.
Учурда Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери бар. Алар: Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну, 98 жаштагы Сатынды Жапаров, Кара-Суу айылынын тургуну 98 жаштагы Тапа Керимкулов жана Нарын шаарынын тургуну 101 жаштагы Тукеш Токтомушев аталар.
Карыялар Президентибиздин көңүл буруусуна терең ыраазычылык билдирип, ак баталарын берип узатышты.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.