02-февраль 2023

Кароолор: 43

Нарында компьютердик томография ишке берилди

2-февралда Нарын облустук бириктирилген ооруканасында компьютердик томография ишке берилди.
Диагностикалык аппараттын жардамы менен мындан ары Нарын эли борборго убара болбой баш сөөк, мээ, өпкө жана башка бардык органдарын томографиядан өткөрө алышат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин макулдугу жана Монополияга каршы мамлекеттик кызматынын буйругу менен бекитилген прейскурантка ылайык бир органды томографиядан өткөрүү баасы оорунун татаалдыгына жараша 2663-2983 сомго чейин болот.
Нарындыктар көптөн күткөн бул саамалыкка КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов катышып, томографиянын элибизге кызмат кылган акжолтой дөөтү болуусун тилек кылды. Муну менен катар облус жетекчиси саламаттыкты сактоо тармагындагы кадр жетишсиздик көйгөйүн чечүү максатында ар бир райондон 5тен студентти фонддон акчасын төлөп Кыргыз медициналык академиясынан окутууга жардам берээрин маалымдады.
Нарын облустук бириктирилген оорунанасынын директору, саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Чыңгыз Нарынбеков билдиргендей, компьютердик томографияны алып келүү маселеси 2020-жылы ковид пандемиясынын убагында зарылчылыктан улам көтөрүлүп, Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ковид-19 программасынын негизинде жабдуулар алынган. Диагностикалык аппаратты орнотуу үчүн ыңгайлуу имарат керек болгондуктан ар кайсы булактардан жалпы сметасы 4 миллион 331 миң сомдук курулуш иши башталган.
Имараттын курулушуна КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 1 миллион 100 миң сом, Ага Хан өнүктүрүү фонду тарабынан 1 миллион 270 миң сом берилген. Оорукананын жалпы жамааты 230 миң сом, башка демөөрчүлөр, жеке ишкерлер 350 миң сом чогулткан. 1 миллион сомдон ашык каражат жетпей жатканына карабай курулушту “САПАТ-ШЭД” курулуш ишканасы толук бүткөрүп берген. Ал эми компьютердик томографиянын жабдууларынын баасы 28 миллион 600 миң сомду түзөт.
“Эми жаңы диагностикалык жабдуулар менен көптөгөн адам өмүрлөрүн сактап калсак болот. Бейтаптарды алыска жибербей дароо диагнозун аныктап, дарылай баштайбыз”,-дейт башкы дарыгер Ч.Нарынбеков. Ал ошондой эле облуска КР Президентинин катышуусунда Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2 тез жардам автоунаасы берилгенин маалымдады.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.