16-февраль 2023

Кароолор: 47

Нарында аба ырайына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барылат

Нарын облусунун аймагында 15-февралдан баштап жааган кардын себебинен жол каттамдарында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана аба ырайына байланышкан өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Жарандык коргонуу комиссиясынын кезексиз отуруму өткөрүлдү.
Отурумда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов аба ырайына байланыштуу унаа жолдордо, ашуу-белдерде, алыскы кыштоолордо түзүлгөн кырдаал боюнча жарандык коргонуу кызматтарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация кызматкерлеринин маалыматтарын угуп, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча ыкчам аракеттерди көрүү тапшырмаларын берди.
Облус башчысы аба ырайына байланыштуу тиешелүү кызматтар бир жума күчөтүлгөн тартипте иш алып барышы керектигин милдеттендирип, инерттик материалдарды убагында төгүү, жол каттамдарын үзгүлтүккө учуратпоо, жол коопсуздук эрежелерин, оор жүк ташыган автоунаалардын ылдамдыгын көзөмөлдөө, жолчулардын коопсуздугуна да көңүл буруп, башка участоктордон күч каражаттарын тартуу, техника, күйүүчү май жана башка шаймандардын даярдыгын камсыздоо, алыскы кыштоолордогу малчылардан кабар алып туруу жагын эскертти.
Ошондой эле кар көчкүсү жүрө турган, сел коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча тыкыр иш алып барууну тапшырды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.