16-май 2023

Кароолор: 85

Нарында "Социалдык келишим" долбоору менен 587 үй-бүлө ишкердик баштады

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов бүгүн, 16-майда Нарын шаарындагы “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 100 миң сомдон каражат алып иш баштаган үй-бүлөлөрдүн абалын сурады.
Быйыл аз камсыз үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртуу максатындагы «Социалдык келишим» долбоору менен Нарын облусундагы 587 үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилген. Анын ичинде Нарын шаарынан 40 үй-бүлө аталган каражатты алып, жеке ишердик баштаган.
Облус жетекчиси тигүүчү цех, ашкана, бут кийим оңдоочу ишкана ачып, кадимкидей киреше таап жаткан үй-бүлөлөр менен баарлашып, көйгөйлөрүн сурады. Буга чейин айына 3-5 миң пособие алган үй-бүлөлөр ишкердиктин натыйжасында алды айына 25 миң, арты 15-16 миң сомго чейин каражат таап жатышканын айтып, Президентке, Өкмөткө ыраазычылык билдиришти.
Облус башчысы ишкерлерге баардык маселелерде жардам берээрин айтты. Соода-сатык жана бут кийим оңдоочу күркөлөр жайгашкан жер аянттары үчүн ижара акы албай турууну шаардык мэрияга тапшырды. Ошондой эле колдоо катары жаңы ачылган “Куржун” дүкөнүнөн соода кылып, “Умар” ашканасынан даам сызды.
“Социалдык келишим” долбоору үч жылга эсептелген, бул аралыкта акча алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы шарт. Мындан сырткары ишкердикти кеңейтебиз деген үй-бүлөлөр патент алып, салык төлөп турушса 250 миң сомдон 1 миллион сомго чейин үстөксүз насыя ала алышат.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.