02-май 2023

Кароолор: 26

Нарында "Мектеп лигасы" улуттук долбоорунун облустук этабы башталды

2-майда Нарында “Мектеп лигасы” аталышындагы улуттук спорттук долбоордун облустук этабы башталды.
Спорттук иш чаранын ачылышына катышкан Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов жаш спортчуларга ийгилик каалап, республикалык, эл аралык мелдештерде намысты колго алып берүүлөрүн тилек кылды.
Белгилей кетсек, аталган долбоор КР Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында 2 жылдан бери республикабыздын бардык аймактарында өткөрүлүп жатат. Бул долбоорго Нарын облусунун жаш спортчулары дагы активдүү катышып, былтыр 211 команда катталса, быйылкы жылы 248 команда катышты. Облустук этапка 36 команда тандалып алынып, футбол, баскетбол, волейбол, шахмат оюндары боюнча күч сынашууда. Жеңүүчүлөр 10-15-май күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлүүчү республикалык этапка катышууга жолдомо алышат.
Облус жетекчиси А.Эргешов облустук этаптан жеңүүчү болуп, республикалык мелдешке катыша турган 6 команданын мүчөлөрүнө 83 комплект параддык спорт формаларын резервдик фондунан 150 миң сомго алып берди.
Иш чарада облус башчысы А.Эргешов жакында эле Казакстандын Астана шаарында өткөрүлгөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, Ак-Талаа районунун Терек айылынын тургуну Акылбек Талантбековду жалпы теңиртоолуктардын атынан жеңиши менен куттуктап, сый-урматын билдирди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.