07-февраль 2023

Кароолор: 63

Нарында 2023-жыл секирик жыл болоору белгиленди

7-февралда Нарын облустук коллегиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Жыйында облустун 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына баа берилип, 2023-жылга милдеттер белгиленди.
Коллегиянын отурумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышты. Жыйынды КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жетектеп, алып барды.
Отурумда алгач ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары А.Сапаров жана Э.Садыкова тарабынан жыл ичинде облустун социалдык-экономикалык тармактарында жасалган жумуштар, жетишилген ийгиликтер жана кемчиликтер тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү, алдын алуу чаралары боюнча Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы К.Джумагазиев маалымат берди.
Баяндамаларда белгиленгендей, негизинен 2022-жыл ичинде облустун өнөр жай, айыл чарба, ирригация, курулуш жана башка бардык негизги тармактарында өсүш бар. Алсак, өнөр жай тармагында 4003, 8 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 744 миллион сомго көбөйгөн.
Ат-Башы ГЭСи 183,0 миллион кВт саат электр энергиясын өндүрүп, өндүрүлгөн энергия былтыркы жылга салыштырмалуу 46,9 миллион кВт саатка көп болгон.
Облус боюнча 1708199,7 тонна көмүр казылып, өткөн жылдагыдан 454621,1 тоннага көп казылган.
Айыл чарба продукцияларынан жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн дүң өндүрүү 24683,6 миллион сомду түзуп, өсүү темпи 114,2% болгон. Ири мүйүздүү мал 7271 башка, кой-эчкилер 11015 башка, жылкы 4646 башка, үй канаттуулары 2263 башка өсүш берген.
138565 баш жылкы, 74633 баш ири мүйүздүү мал идентификацияланган.
Ирригация тармагын жакшыртууга республикалык бюджеттен 103 миллион 444,8 миң сом бөлүнүп берилип, суу чарба иштери жакшыртылган.
Облус боюнча пайдаланылбаган аянт өткөн жылдагыдан 1921 гектарга кыскарган.
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 1 миллиард 144 миллион сом өлчөмүндө салыктар жана жыйымдар чогултулуп, 102, 1 5га аткарылган. Мунун ичинен республикалык бюджет толук аткарылбай, 95,5 % ды түзүп калган. Ал эми жергиликтүү бюджет 107,7 %га аткарылган. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн план тапшырмасын Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондору жана Нарын шаары аткарган эмес.
Дотациянын көлөмү 35,6 пайызды түзүп, 4 пайызга азайган.
Курулуш тармагында республикалык бюджеттен 5 социалдык обьект (Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы спорт комплекс, Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы мектептин спорт залынын имараты, Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы бала бакчанын имараты, Жумгал районунун Чаек айылындагы Пробациянын имараты, Ак-Татыр айылындагы 225 орундуу мектептин имараты) бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле, республикалык бюджеттин эсебинен Кочкор районунун Кочкор айылындагы прокуратуранын кызматкерлерине курулган 8 батирлүү турак үй бүткөрүлгөн.
Жол тармагында 2022-жыл ичинде 26,6 км жолго асфальт жана 37 км жолго шагыл төшөлгөн.
Өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багытындагы 31 чакан ишкана ачылып, 314 жумуш орундары түзүлгөн.
Социалдык тармакта дагы бир катар жетишкендиктер бар. Бирок ошол эле учурда кемчиликтерге орун берилген.
Алсак, орто мектептерде билим сапатынын төмөндөп кеткени, саламаттыкты сактоо тармагында милдеттүү медициналык камсыздандырылган жарандарды жеңилдетилген дары-дармектер менен камсыз кылууда рецепттер калкка толугу менен жазылып берилбей, 687 миң сомдук дары-дармек колдонулбай калгандыгы, 2 эненин, 1 жашка чейинки 53 ымыркай баланын өлүм көрсөткүчү катталганы сыяктуу кемчиликтер ортого салынды.
КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.Касымалиев облустагы жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 баллды ала албай калган окуучулар окуган мектептердин билим сапатына катуу сын айтып, облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жыйынтык чыгарууну тапшырды.
А.Касымалиев саламаттыкты сактоо тармагындагы кадр жетишсиздик маселесинде облус жетекчиси А.Эргешовдун студенттерди медициналык академиядан каржылап окутуу демилгесин колдоорун айтты. Ошол эле учурда 5 жыл күтүп отурбай 3-4-курстун студенттерин тартуу жагын карап көрүүнү сунуштады. Ошондой эле дары-дармектерди сатып алууда борборлоштурулган тендер жарыялоо натыйжалуу болоорун айтып, бул маселени чечүүгө өзү киришээрин билдирди.
Жыйында кемчиликтер талкууланып, алдыга көптөгөн милдеттер белгиленди.
КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2 жылдан бери мамлекетибизде 30 жылда жасалбаган чоң реформалар ишке ашып, бардык тармактарда, айрыкча экономика, каржы жаатында олуттуу өсүштөр болуп жатканын кеңири маалымдады. Нарын облусу үчүн 2023-жыл өзгөчө иштечү жылдардан болоорун, пилоттук өнүгүү долбоорун ишке ашырууда абдан чоң милдеттер турганын белгилеп, ийгилик каалады.
Коллегиянын отурумунда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов 2023-жылы Нарын облусун өнүктүрүүнүн пилоттук долбоорун жана административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу багытында слайд менен кеңири маалымат берип, алдыдагы милдеттерге токтолду. Бул жыл Нарын облусу үчүн секирик жылдардан болоорун белгилеп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып ынтымак менен жигердүү иш алып барууга чакырды.
Коллегиянын токтому менен бардык тармактар боюнча милдеттер белгиленип, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.