18-май 2023

Кароолор: 72

Нарын шаарына электробустар алып келинет

Буюрса Нарын шаарындагы жолдордун ремонту бүткөнгө чейин электробустар алынып келинет.
Бул тууралуу Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов 18-майда Нарын шаарынын эли менен жолугушууда кабарлады.
“Нарын шаарына электробустарды алып келүү үчүн тендер жарыяланган. Бирок заводго түз жол таптык. Ошол себептен ортомчусуз алып келүүнү туура көрдүк. Мындай шартта 5 электробус келчү каражатка 7 электробус келет экен. Биз эле эмес Кыргызстандын башка аймактары да түз алганы турушат”,-деп билдирди облус башчысы.
Белгилей кетсек, быйыл калктын транспорт каттамын жөнгө салуу максатында Нарын шаарын электробустар менен камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен 76 миллион сом бөлүнгөн.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.