31-январь 2023

Кароолор: 40

Нарын облусунун көкбөрүчүлөрүнөн "Намыс" курама командасы түптөлдү

31-январда Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында “Көк бөрү” оюнунун 5-ачык чемпионаты өткөрүлдү.
Нарын облусунун “Намыс” курама командасына мыкты оюнчуларды тандоо жана облуста улуттук ат оюндарын өнүктүрүү максатында ар бир райондо кезеги менен өткөрүлүп келген “Көк бөрү” мелдеши Нарын районунда жыйынтыкталып, курама команда түзүлдү.
Чемпионат КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы, Нарын облустук жана райондук “Көк бөрү” федерациялары жана Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, 8 команда катышты.
Чемпионатка күбө болгон КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлу Алтынбек Эргешов Нарын облусунан “Көк бөрү” боюнча тандалган курама команда Кыргызстан боюнча эң күчтүү команда болооруна ишеничин билдирди.
Мелдеште биринчиликти Нарын районунун “Нарын жаштары” командасы багындырып, 50 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Экинчи орунду Ак-Талаа районунун “Соң-Көл” командасы ээлеп, 30 миң сом, үчүнчү орунга Ат-Башы районунун “Ат-Башы” командасы татыктуу болуп 25 миң сом, төртүнчү орунду Нарын районунун “Эмгек Талаа” командасы камсыздап, 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Нарын облустук “Көк бөрү” федерациясынын вице-президенти Руслан Жумалиевдин айтымында, мелдештердин жыйынтыгы менен командалардын арасындагы эң күчтүү 12 оюнчу тандалып алынып, көкбөрүчүлөрдүн “Намыс” курама командасы түптөлдү. Аталган команда Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында өткөрүлүүчү көкбөрүчүлөрдүн республикалык чемпионатына катышат. Учурда даярдык иштери башталды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.