17-февраль 2023

Кароолор: 44

Нарын облусунда "Өзгөчө кырдаал режими" киргизилди

Нарын гидрометеорология борборунун жана атайын кар көчкүлөрү боюнча адистердин сунуштарынын негизинде кар көчкүлөрү түшкөн аймактарда жана кооптуу участоктордо кооптуулук сакталгандыктан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен Нарын облусунун аймагында "Өзгөчө кырдаалдар режими" киргизилип, 2023-жылдын 19-февралына чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 272-чакырымынан (Сары-Булак участкасы) 319-чакырымына (Бейше-Булак участкасы) чейинки аралыгы убактылуу жабылды.
Бүгүн, 17-февралда эртең менен Жарандык коргонуу комиссиясынын кезексиз отуруму өткөрүлүп, аба ырайына карата түзүлгөн кырдаалдан чыгуу аракеттери талкууланды.
Облус жетекчиси А.Эргешовдун тапшырмасы менен бардык райондордо штабдар түзүлүп, жол каттамдарын тазалоо, жол кыймылынын жана калктын коопсуздугун сактоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барылууда.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.