06-февраль 2023

Кароолор: 43

Нарын облусу боюнча 25 бүтүрүүчү медициналык академияга акысыз окутулат

Нарын облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги көп жылдардан бери көйгөй жаратып келген. Бул маселени чечүү үчүн облус жетекчиси Алтынбек Эргешов ар бир райондон 5 бүтүрүүчүнү И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан окутуу аракетин көрүп жатат. 25 студентти окутуу үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан шарттуу грант бөлүнүп берилет.
Медициналык академияга тапшыра тургандар жакшы окуган, жоопкерчиликтүү, жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы балл менен өткөн, эң негизгиси окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин Нарын облусуна дарыгер болуп кызмат кылууга каалоосу чоң жаштар болуусу керек.
Каржылап окутуу маселесинде студенттердин ата-энеси менен келишим түзүлөт. Эгер келишимдин шарттары бузулса, же окууну бүткөндөн кийин Нарынга иштебей койгон шартта төлөнгөн гранттык каражат кайтарылып алынат.
Буюрса быйылкы окуу жылында 25 студент И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына окууга жиберилет. Кийинки жылдары студенттердин саны көбөйтүлөөрү күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Нарын облусунда 158 дарыгер жетишсиз.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.