28-апрель 2023

Кароолор: 32

Нарын - Кашгар соода-экономикалык байланышы бекемделет

28-апрелде КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Кытай Эл Республикасынын Кашгар аймагынан келген расмий делегацияны кабыл алды.
Жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жооптуу кызматкерлери, райондордун акимдери, "Нарын" Эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги, ал эми Кытай тараптан Кашгар округунун губернаторунун орун басары
Цяо Сянхуа мырза, "Кашгар" Эркин экономикалык аймагынын жана комплекстүү бондалык аймагынын жетекчилери, ири ишкерлери катышты.
Жолугушууда Нарын облусу менен Кашкар округунун ортосунда соода-экономикалык байланышты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Нарын облусунун экономикалык потенциалы, "Нарын" жана "Кашгар" Эркин экономикалык аймактарынын мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентациялар жасалды.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Нарынга "Кашгар'" ЭЭАнын Кашгарга "Нарын" ЭЭАнын өкүлчүлүктөрүн ачуу макулдашылды. Бондалык аймактар боюнча иштерди улантуу, жүк өткөрүүнүн сапатын жакшыртуу, импорт-экспорт, соода-экономикалык байланышты бекемдөө жаатында кызматташтыкты арттыруу боюнча кеңири сөз болду.
Белгилей кетсек, Кытайдын Кашгар округунун өкүлдөрү Кыргызстанга 25-апрелде келген. Буга чейин Бишкек шаарында КР Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, соода-экономикалык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр жүргөн. Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлеринин ортосунда бир катар кызматташуу келишимдери түзүлгөн. Ошондой эле 2023-жылдын июнь айында Кашгарда өткөрүлө турган Борбордук Азия жана Түштүк Азия соода жарманкеси тууралуу маалымат берилген.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.