12-июнь 2023

Кароолор: 112

КУЛАКТАНДЫРУУ!!! ВАУЧЕРДИК ОКУТУУ ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯГА КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Нарын облусундагы дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун демилгеси жана буйругу менен ваучердик окутуу программасы ишке ашырылууда. Программанын алкагында быйылкы окуу жылында 25 студент (ар бир райондон 5тен студент) И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына окууга жиберилет. Окутуу үчүн программага ылайык “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан шарттуу грант бөлүнүп берилет.
Ваучердик окутуу программасы боюнча түзүлгөн жумушчу топ ушул жуманын ичинде бардык райондордун бүтүрүүчүлөрү менен жеринде жолугушууларды өткөрүп, студенттерди кабыл алуу боюнча төмөндөгү график менен кеңири маалымат беришет:
Нарын районунда 13-июнь, саат 10.00, Нарын шаарындагы райондук маданият үйүндө;
Ат-Башы районунда 14-июнь, саат 10.00, Карыбек у.Акматаалы атындагы орто мектептин жыйындар залында;
Ак-Талаа районунда 14-июнь, саат 14.00, Э.Карасартов атындагы орто мектептин жыйындар залында;
Кочкор районунда 15-июнь, саат 10.00, райондук маданият үйүндө;
Жумгал районунда 15-июнь, саат 14.00, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жолугушуулар болот.
Жолугушууларга катышып, ваучердик окутуу программасынын шарттары боюнча кененирээк маалымат алсаңыздар болот.
Медициналык академияга тапшыра тургандар жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы балл менен өткөн, эң негизгиси окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин Нарын облусуна дарыгер болуп кызмат кылууга каалоосу чоң жаштар болуусу керек.
Ошондой эле медициналык академиянын Нарын облусуна келип иштеп берем деген студенттери, ординаторлору да келишимдин негизинде программага катыша алышат.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.