04-июль 2022

Кароолор: 84

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп А.К.Эргешов дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ашимбаев Сабыркул Абасович ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Эргешов Алтынбек Калдарович дайындалды.
Бүгүн, 4-июлда облустун жаңы жетекчисин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызмат ордуна отургузду.
Иш чарада Акылбек Жапаров облустун мурдагы жетекчиси Сабыркул Ашимбаевдин аракети менен облустун өнүктүрүү фондуна каражат түшүрүү аркылуу бир катар долбоорлор башталганын, туризм тармагын өнүктүрүүдө көп иштер жасалып жатканын баса белгилеп, бул иштерди Алтынбек Эргешов улантып кетээрине ишеничи зор экенин баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эргешов Алтынбек Калдарович 1972-жылдын 29-мартында Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.
1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган.
2009-жылы КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясын мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн. Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Эмгек жолунда 1996-2004-жылдары М.К.Ататюрк атындагы паркында башкы эсепчи, директордун орун басары, директор;
2005-жылы КР Президентинин Иш башкармалыгынын Өндуруш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары;
2005-2007-жылдары КР Президентинин Иш башкармалынында Өндүрүштү жана курулушту уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2007-2009-жылдары КР Президентинин Иш башкармалыгында Мамлекеттик сатып алуулар жана маркетинг бөлүмүнун башчысынын орун басары;
2009-жылы КР Президентинин аппаратында КР Президентинин жардамчысы;
2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында директордун орун басары;
2012-жылы КР Президентинин Аппаратынын Мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр саясаты бөлүмүндө инспектор;
2012-2016-жылдары КР Өкмөтүнүн аппаратында Уюштуруу-инспектордук иштер жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы-аппарат жетекчинин орун басары;
2016-жылы Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
2020-2021-жылдары “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” Ачык акционердик коомунда директорлор кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.
2021-2022-жылдары КР Президентинин администрациясында Президенттин жана КР Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган.
Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.