23-апрель 2023

Кароолор: 27

Кочкорго чакан ГЭС куруу кореялыктар менен макулдашылды

23-апрелде Корея Республикасынын Ганвон-до Инже округунун жана Түштүк Кореянын экология министрлигинин, эко корпорациясынын кызматкерлеринен турган расмий топ иш сапары менен Нарын облусуна келди.
Кореядан келген делегацияны Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов кабыл алып, кызматташуунун мындан аркы пландары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кореядан келген расмий топ Кочкор районунда да болуп, ГЭС курула турган аймактарды жана айыл чарба жерлерин көрүштү.
Иш сапардын алкагында Кочкор районуна чакан ГЭСтерди куруу жана айыл чарбасында тажрыйба алмашуу боюнча райондун акими Э.Омошев менен эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Меймандар Кореядан ала келген картошканын үрөнүн тапшырышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун Түштүк Кореяга болгон иш сапарында Ганвон-до Инже округу менен Нарын облусунун ортосунда достук алакасы түзүлгөн. Кореялыктар чакан ГЭС куруп берүүнү убада кылышкан. Ошондой эле айыл чарбасы боюнча тажрыйба алмашуу келишимдери түзүлгөн.
Кызматташуу уланып, кореялыктар үчүнчү жолу Нарынга келишти. Буюрса жакынкы мезгилдерде кызматташуунун натыйжалары күтүлүүдө.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.