17-февраль 2023

Кароолор: 46

Кар көчкү тазаланып, жол каттамы 2 күнгө жабылды

16-февраль күнү кечке маал Бишкек-Нарын-Торугарт унаа каттамынын 302-303-чакырымдарына түшкөн болжолдуу 10 миң метр куб кар көчкүсү түнкү саат 12.30 чамасында толугу менен тазаланып бүттү.
Кар көчкүнү тазалоо иштеринде Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов өзү башында туруп, жарандык коргонуунун бардык тиешелүү кызматтары ыкчам аракеттерди көрдү.
Бирок айрым жерлерде көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Нарын облусунун жетекчисинин буйругу менен өзгөчө кырдаал киргизилип, адамдардын коопсуздугу үчүн жол каттамы 19-февралга чейин жабылды.
Жол каттамы кооптуу аймактардагы кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүп, тазалагандан кийин ачылат.
Ага чейин айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн жолго чыкпай турууну өтүнөбүз.
16-февралдагы кар көчкүнү тазалоо учурунда жүргүнчүлөргө шарттар түзүлдү. Коопсуздук үчүн "тез жардам", ысык тамак уюштурулуп, аялдар, балдар суукка калбай көчкүнүн аркы бетинен берки бетине өткөрүлүп шаарга жөнөтүлүп турду.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.