24-апрель 2023

Кароолор: 30

Эл аралык өнөктөштүк Нарын облусун өнүктүрүүгө салым кошот

24-апрелде КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве жана ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү Кристин Жольм айымдар, ошондой эле Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү, доктор Баркат Фазал мырза баштаган өнөктөштөр менен жолугушту.
Жолугушууда Нарын облусун өнүктүрүү багытында жаңы долбоорлорду алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов облуста пилоттук долбоорлор ишке ашып, экономиканы, реалдуу секторду өнүктүрүүгө басым жасалып жатканын маалымдады.
БУУнун, ЮНИСЕФтин, Ага Хан өнүктүрүү уюмунун колдоосу менен көптөгөн долбоорлор ишке ашып жатканын белгилеп, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле өнөктөштөрдөн жашыл экономика, суу, күн, шамал электр станцияларын куруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу боюнча долбоорлорду колдоп берүүлөрүн, мындан сырткары мүмкүнчүлүккө жараша Кочкор районундагы Ормон Хан стадионун куруу, туризм багытында туристтерди ташый турган автоунаалар менен камсыздоо боюнча материалдык жардам берүүлөрүн өтүндү.
Баарлашуу учурунда өнөктөштөр облуста башталган реформаларга жакшы пикирлерин жолдоп, айтылган сунуштарды карап көрүп ылайыгына жараша колдоо көрсөтөөрүн билдиришти.
ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм айым 47 миң доллар акча каражатына Нарын районунун Лахол, Жер-Көчкү айылдарын интернет системасы менен камсыздап беришкенин, жакында саламаттыкты сактоо тармагында вакцина сактай турган жайларды реабилитация кылуу долбоору ишке кирээрин маалымдады.
Жолугушуудан кийин өнөктөштөр менен бирге Нарын шаарындагы М. Жусаев жана Алма Бак парктарына алманын жана өрүктүн көчөттөрү отургузулду.
Белгилей кетсек, Швейцария мамлекети Борбордук Азия университети аркылуу каржылап жаткан "Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу" программасынын алкагында 500 түп алманын, 100 түп өрүктүн көчөттөрү алынып келинген.
Буга чейин аталган программанын каржылоосунда 600 түп көк карагайдын көчөттөрү отургузулган.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.