10-май 2023

Кароолор: 57

Билим сапатын жакшыртуу аракети күчөтүлөт

10-майда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов КР Билим берүү министри Каныбек Иманалиевди кабыл алды.
Жолугушууда билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Билим берүү министри Каныбек Иманалиев облус жетекчисине Ноокат районунда бир мектептен 9 окуучу "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына ээ болгонун айтып, Нарын облусундагы билим сапатын жакшыртууга кызыккан мектеп директорлорун Ноокат районуна тажрыйба алмашууга жөнөтүүсүн өтүндү.
Ошондой эле орто мектептердеги ата-энелер фонддорун “Теңир Тоо” фондунан каржылап берүүнү карап көрүүсүн сунуштап, мындай кадам элдин “мектептер акча чогултат” деген нааразычылыгын жоюп, башка облустарга да үлгү болоорун, келечекте бул маселе мамлекеттин бюджетинен каржылоого сунушталаарын айтты.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов сунуштар эске алынаарын билдирди. Чындыгында эле билим сапаты төмөндөп кеткенин, билим берүүдөгү Турдакун Усубалиевдин ыкмасын колдонуу бүгүнкү күндүн талабы экенин белгилеп, бул багытта биргелешип иш алып баруу зарылдыгына токтолду.
Мындан сырткары Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң төмөн упай алган окуучулардын мугалимдерине, мектеп директорлоруна, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына чара көрүү боюнча сөз болду.
Жолугушууда Нарын мамлекеттик университетине медицина факультетин ачууну ишке ашыруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрдү.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.