09-май 2023

Кароолор: 140

Ардагерлерге куттук

9-май күнү Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Нарын шаарынын тургуну Токтомушев Тукеш атаны Жеңиш майрамы менен куттуктады.
Улуу Жеңиштин 78 жылдык мааракесин көрүп, 101 жаштын чайын ичип жаткан Тукеш ата куттуктап барган облус, шаар жетекчилерине, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө батасын берип, элге, журтка тынччылык, ынтымак тиледи.
Ушундай эле куттуктоо Ат-Башы районунун тургундары: Сатынды Жапаров жана Тапа Керимкулов аталарга арналды.
Ардагерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 10 миң сом өлчөмүндөгү майрамдык белектер тапшырылды.
Учурда Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери бар.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.