30-январь 2023

Кароолор: 35

Акимдердин орун басарлары аттестациядан өттү

30-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө акимдердин орун басарларын аттестациялоо өткөрүлдү.

Аттестациялоо иш чарасында КР Президентинин облус жетекчиси Алтынбек Эргешов: “Быйыл бизде абдан жоопкерчиликтуу жыл. Биздин пилоттук программа өнүгүүгө гана багытталган. Күнү-түнү уктабай иштешибиз керек. Бирок ошого карабастан кемчиликтер айтылып атат. Ошондуктан кесипкөйлүктү бекемдеп алуу үчүн кызматкерлерди аттестациядан өткөрүп алуубуз зарыл”,-деп белгиледи. Муну менен катар акимдердин орун басарларына кесиптик деңгээлдерин аныктай турган бир катар суроолорду берди.

Орун басарларды аттестациялоону КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарларынан, аппарат жетекчи, бөлүм башчыларынан түзүлгөн комиссия жүргүздү.

Аттестациянын жыйынтыгы менен кесипкөйлүгү туура келбеген орун басарлардын кызмат абалы каралат. Жыйынтык  кийинки жумада өткөрүлө турган облустук коллегияда чыгарылат.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы.