03-май 2023

Кароолор: 25

Айыл аймактарын ирилештирүү долбоорунун негизги жумуштары ишке ашты

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда административдик-аймактык реформа же айыл аймактарын ирилештирүү долбоорунун негизги жумуштары ишке ашты. Облустагы 63 айыл аймагы ирилештирилип, 27 айыл өкмөтү түзүлдү. Айыл өкмөт башчылары дайындалды. Эми айыл өкмөттөрүнүн штаттык бирдиктери боюнча иш алып барылат.
Бул маселе 2-май күнү КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн жыйында талкууланды.
Жыйынга КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жооптуу кызматкерлери жана бардык райондордун акимдери, финансы бөлүмдөрүнүн башчылары, облустук, райондук комиссиялардын төрагалары, ири жана чакан айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышып, айыл өкмөттөрүнүн штаттык бирдиктери боюнча маселе каралды.
Жыйында билдирилгендей, айыл өкмөттөрүнүн штаттык бирдиктери боюнча жумуштар май айынын 20сына чейин аяктап, июнь айынын башында канча штаттык бирдик кыскарып, канча каражат үнөмдөлгөнү белгилүү болуп калат.
Белгилей кетсек, учурда Нарын облусунда айыл аймактарын ирилештирүү реформасы менен бирге айыл аймактарында ирригация, ичүүчү суу, тазалык, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоор ишке ашып жатат.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.