03-май 2023

Кароолор: 343

А.Эргешов: "Айыл аймактарын ирилештирүүдө жайыт жерлерин пайдалануу эч өзгөрүүсүз калат"

Учурда Нарын облусунда административдик-аймактык реформа, же айыл аймактарын ирилештирүү долбоору ишке ашып жатат. Бул боюнча КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек  Эргешов бир катар суроолорго жооп берди:
 
-Алтынбек Калдарович, Нарын облусунда жүрүп жаткан административдик-аймактык реформа кайсы деңгээлге жетип, кандай иштер аткарылды?
 
 -Элибизге маалым болгондой, республикада алгачкылардан болуп Нарын облусунда айыл аймактарын ирилештирүү пилоттук долбоору ишке ашып жатат. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин  Нарын облусун дотациядан чыгаруу тапшырмасын аткаруу алкагында ушундай жаңыча кадамдарга барып жатабыз. Бүгүн биз токтомдун негизинде эң негизги активдүү фазадан өттүк. Облустагы 63 айыл аймагы ирилештирилип, 27си калды. Негизги жумуштар бүттү. Жаңы уставдык  структура түзүлдү. Кызматкерлердин функционалдык милдеттери толугу менен такталып жазылды. Айыл өкмөт башчылары дайындалды. Эми айыл өкмөттөрүнүн штаттык бирдиктери боюнча иш алып барылат. Бул жумуштар буюрса 17-18-майда аяктап, канча штаттык бирдик кыскарып, канча каражат үнөмдөлгөнү боюнча июнь айынын башында белгилүү болот. 
 
-Эл арасында жайыт жерлери, айылдардын аталыштары боюнча айрым түшүнбөстүктөр болуп жатат. Ушул боюнча пикириңиз...
 
- Мен башынан эле айтып келе жаткам, административдик-аймактык реформада жайыт карталары, жайыт тилкелери, жайыт маселеси таптакыр каралган эмес. Жайыт жерлер мурда кимге тиешелүү болсо ошол боюнча калат. Мисалы, Жумгал районунун Куйручук айылында 24 миң гектар жайыт бар. Анын 16 миң гектары өздөрүндө, 8 миң гектары башка аймакта. Ошол 8 миң гектар жайыт мурдагыдай эле Куйручук айылына таандык болот. Жайыт картасы эч өзгөрүүсүз калат. Бул облустагы бардык айыл аймактарына тиешелүү.  Буга чейин ким кайсы жайытка чыгып аткан болсо мындан ары дагы ошол эле жайыттарды пайдалана берет. Жайыт  жерлери боюнча эч кандай маселе жок. 
 
Негизинен бул реформаны эл колдоп жатат. Бирок айрым айылдарда "жаңы айыл өкмөттүн борбору кайсы айыл болот, аталышы кандай болот" деген суроолор болду. Бул жерде эң негизгиси экономикалык ыңгайлуулугу биринчи орунда болушу керек. Андан башка эч кандай саясат жок. 
 
-Дайындалган айыл өкмөт башчылары кандай негизде тандалып алынды?
 
-Биз айыл өкмөт башчыларын тандоодо акимдерге жоопкерчилик артуу менен мүмкүнчүлүктү  толугу менен бердик. Сунушталган кадрдык саясатын колдодук. Бардыгы мыйзам чегинде болду. Бардык кадрлар муниципалдык кызматкерлердин резервинен алынды.
 
Мындан сырткары  менин сунушум менен мыйзамда жазылбаган, ант сыяктуу нормаларды да киргиздик. Себеби айыл аймактарында өнүгүүгө бир аз каражаттары пайда болот. Айыл өкмөт башчылары ошол каражатты көбөйтүүгө, жок дегенде жоготпой сактап калууга милдеттүү. Бул жагы биздин көзөмөлүбүздө болот. Анткени буга чейин кумга сиңген суудай жоголуп кеткен каражаттар болгон. 
 
Айылдарды ирилештирүү реформасы менен Нарын облусун өнүктүрүү боюнча пилоттук реформабыз абдан шайкеш келип атат. Бул иштерде айыл  өкмөттөрүнүн жоопкерчилиги чоң. Айыл өкмөт башчылары жакшы маанай менен жумушту баштап жатышат.  
 
Реформанын эң негизги максаты экономикалык көрсөткүчтөрдү, инвестициялык климатты жакшыртуу. Мындан сырткары жашыл экономика, санариптештирүү, ааламдашуу багыттарында иш алып баруу пландарыбыз бар. Аракетибиз жакшы  натыйжасын берип, облусубуз дотациядан чыгаарына ишенем. 
 
Маекти уюштурган: КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева.