09-май 2023

Кароолор: 46

"Улуу Жеңишти жеңүүчү жана жаратман муун алып келген"

9-Май - Улуу Жеңиш майрамы Нарын облусунда чоң майрамдык салтанат менен белгиленди.
Таң эрте облус, шаар жетекчилиги тарабынан Нарын шаарындагы "Улуу Жеңишке 70 жыл" сейил багында Улуу Ата Мекендик согуштун Баатырлары: Анварбек Чортеков менен Дайыр Асановдун эстелигине гүл коюлуп, Куран окулду.
Мындан кийин Тянь-Шань паркындагы "Жеңиш" монументине гүлчамбарлар коюлду. Согушта жана согуштан кийин көзү өткөн ардагерлер эскерилип, Куран окулду.
Андан соң Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов баштаган облус, район, шаар жетекчилеринин, ооруктун ардагерлеринин, күч түзүмдөрүнүн жана Нарын шаарынын жалпы коомчулугунун катышуусунда "Өлбөс полктун" жүрүшү өткөрүлдү.
Майрамдык иш чара Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта аскердик парад жана театралдаштырылган оюн-зоок менен улантылды.
Иш чарада облус жетекчиси Алтынбек Эргешов ардагерлерди жана теңиртоолуктарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлеринин каармандыгын сыймыктануу менен белгилеп, алардын эрдигине таазим кылды.
"Кадырман ардагерлер!
Сиздердин муун - жеңүүчүлөрдүн жана жаратмандардын мууну! Эрдиктин, кайраттуулуктун жана каармандыктын бийик үлгүсү.
Сиздер дүйнөнүн тарыхындагы эң катаал согушта өлүмгө тике карап, душмандар менен салгылашып, оорукта күн-түн эмгектенип, Улуу Жеңишти алып келдиңиздер! Биз үчүн жана кийинки урпактар үчүн эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартууладыңыздар! Жеңиш майрамында Сиздерге улуу эрдигиңиздер жана кайратман эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем!
Улуу Жеңиштин 78 жылдыгын көрүү бактысы буюрган ардагерлерибизге бекем ден соолук, аманчылык, дөөлөттүү карылык каалайм!
Урматтуу Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн каарман жоокерлери, жолдош сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер!
Сиздер жеңишчил, жаратман муундун салттарын татыктуу улантып, тынчтыктын, коопсуздуктун сакчылыгында бекем тураарыңыздарга терең ишенебиз! Ѳлкɵбүздɵ ар дайым тынчтык болуп, асманыбыз ачык болсун!",-деп белгиледи облус жетекчиси өз сөзүндө.
Иш чара майрамдык концерт менен улантылып, соңунда ардагерлерге аскердик ботко берилди.
Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миӊден ашык мекендештерибиз катышса, Нарын облусунан 19237 адам согушка аттанып, 8104 жоокер гана аман кайткан. Тилекке каршы, 11133 адам согуштан кайткан эмес.
Бүгүнкү күндө согуштан кайткан 8 миңден ашык ардагерлерибиздин үчөө гана арабызда бар. Ал эми миңдеген оорук ардагерлеринен 18 гана адам калды. Мезгил өткөн сайын Улуу Жеңиштин мааниси тереңдей берээри анык.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.