27-февраль 2023

Кароолор: 62

2022-жыл ичинде жарандардан келип түшкөн арыз-даттануулар, кайрылуулар тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу  ѳкүлүнүн аппаратына, райондук мамлекеттик  администрацияларга жана Нарын шаардык  мэриясына 2022-жылы келип түшкѳн  жарандардын арыз, даттануулары, электрондук жана оозеки кайрылуулары боюнча                                                                          

МААЛЫМАТ

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппараты тарабынан «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо  аны аткаруу, жарандардын арыз-даттанууларын, кайрылууларын кунт коюп угуу жана аларды ѳз убагында карап, жүйѳѳлүү ѳтүнүчтѳрүн убагында чечип берүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

Кыргыз Республикасынын  Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү 2022-жыл ичинде бардык райондорго бекитилген графиктин негизинде жеринде эл менен жолугушуп, алардын кѳйгѳйлѳрүнүн пайда кылган себептерин жоюу консультатциялык жардам кѳрсѳтүү үчүн тиешелүү  мекеме жетекчилердин катышуусунда кабыл алууну уюштуруп. Жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

            «Infodocs»электрондук документ жүгүртүү системасы бардык  облустук, райондук мекеме-ишканаларда, райондук мамлекеттик администрацияларда жана Нарын шаардык мэриясында иштеп жатат.

            2022-жылы  бардык райондордон, Нарын шаардык мэриясынан жарандардын ар түрдүү катмарларынан кѳйгѳйлүү маселелер боюнча арыз-даттануулардын, кайрылуулардын саны – 4538.

Райондор боюнча алсак:

Ак-Талаа району-1075 (арыз-70, оозеки кайрылуу-1005),                                             

Ат-Башы району-454 (арыз -203, оозеки кайрылуу-248, электрондук кайрылуу-1, ишеним телефону-2)                                                                     

Жумгал району-283 (128, оозеки-155),                                                                         

 Кочкор району-810 (арыз-285,  оозеки кайрылуу 525),                                     

Нарын району-556 (арыз-118, оозеки кайрылуу-438),                                       

 Нарын ш.-709 (арыз-468, оозеки кайрылуу-239, ишеним телефонуна-2),               

Нарын облусунун ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратына-651 (арыз-408, оозеки кайрылуу-233, электрондук кайрылуу-6, «ишеним телефонуна»-4).

            Мунун ичинен:  Чечилгени-1580,  түшүндүрүлгѳнү-2490, жарым-жартылай чечилгени-459, кароодон баш тартылганы-8, мѳѳнѳтү кечиктирилип жооп берилген арыз, даттануулар-1.

            Келип тушкон  кайрылууларды анализдегенде, негизинен аз камсыз болгон жарандар кайрылышууда. Алсак, материалдык жардам суроо,  коммуналдык тейлѳѳ, турак жай курууга жер участокторун чечип берүүгѳ, Бишкек шаарына барып дарыланууга акча каражатынан жардам, ж..б. маселелерди түзѳт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан жарандардын кайрылууларынын ѳз убагында аткарылышына кѳзѳмѳлдүктү күчѳтүү боюнча талап коюлуп, аткаруучулук тартипти чындоонун чаралары кѳрүлүүдѳ.