Кулактандыруулар

Жарандардын кайрылууларын кароо боюнча иш алып баруунун регламенти

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2023-жылдын  3-июлундагы № 147-б  буйругу менен бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 

Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 

жарандардын кайрылууларын кароо боюнча иш алып баруунун 

РЕГЛАМЕНТИ  

 

1.Жалпы жобо

 

1.1Аталган регламент жарандардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулары (мындан ары - кайрылуулар) боюнча иштөөнү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине келип түшкөн электрондук формадагы документтерди жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына (мындан ары – аппарат) жарандардын кайрылуусу боюнча иш-кагаздарын жүргүзүү эрежелерин уюштурууга негизги талаптарды жөнгө салат. 

   

1.2.Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына келип түшкөн жарандардын кайрылууларын өз убагында кароого борборлоштурулган каттоого алууну жана контролду жүргүзүүнү уюштуруу жана камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш секторунун башкы адиси кызматын ээлеген Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коомдук кабылдамасынын жооптуу кызматкери тарабынан жүзөгө ашырылат.   

 

1.3.Аппаратта жарандардын кайрылуулары боюнча иш кагаздарын жүргүзүү башка иш кагаздарды жүргүзүүнүн түрлөрүнөн өзүнчө аткарылат. 

Аппаратта жарандардын кайрылуулары боюнча иш кагаздарын жүргүзүүнүн абалына жоопкерчилик сектордун башчысына жүктөлөт. 

 

1.4.Жарандардын аппаратка келип түшкөн кайрылуулары боюнча ишти Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси уюштурат.   

 

1.5.Коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш секторунун башкы адиси өз компетенциясынын чегинде жарандардын кайрылууларын кабыл алууну жана кароону уюштурат.  

 

1.6.Жарандардын кайрылуулары боюнча иштин абалына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында тиешелүү тармактарды тейлеген орун басарларына жүктөлөт.   

 

1.7. Аппараттын түзүмдүк бөлүмчөлөрүндө жарандардын кайрылууларын кароонун аталган Регламентте бекитилген тартибинин сакталышына жоопкерчилик  башкармалыктарынын жетекчилерине, бөлүм башчыларына жана түздөн-түз аткаруучуларга жүктөлөт. 

  

1.8. Жарандардын кайрылууларын кароонун аталган Регламентте бекитилген тартиби жарандардын бирикмелеринин кайрылууларын, анын ичинде юридикалык жактардын кайрылууларын кароого байланышкан укуктук мамилелерге жайылтылат. 

 

2. Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларын кабыл алуу жана каттоо тартиби

 

            2.1.Коомчулук менен байланышуу жана документациялык камсыздоо боюнча секторунун башкы адиси жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларын төмөнкүдөй графикке ылайык жүзөгө ашырат:

            -дүйшөмбү–жума күндөрү - саат 9.00дөн 18.30гө чейин;

            -ишемби, жекшемби – эс алуу күндөрү.

 

            Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине почта аркылуу келип түшкөн жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары (анын ичинде факсимилдик билдирүүлөр жана телеграммалар) жана аларды кароого байланышкан Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш секторунун башкы адиси тарабынан каттоого алынат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууларды кабыл алууда жана баштапкы иштеп чыгууда корреспонденциянын келген дарегинин туура экендиги жана упаковкасынын бүтүндүгү текшерилет.

 

            2.2. Коомчулук менен байланышуу жана документациялык камсыздоо боюнча секторунун башкы адиси тарабынан:

            - конверттер ачылат, андагы документтердин бар экендиги текшерилет, катка конверт тиркелип, бекитилет;

            -жаңылыш келген (дареги туура эмес) каттар аны жөнөткөн адамга кайра кайтарылат.

            Келип түшкөн конверттердин бардыгы (бандеролдор) ачылат. Кайрылуулар жолдонгон каттар конверттери менен сакталууга жатат.

            Документтердин келип түшкөн көчүрмөлөрү, (паспорттордун, аскер билеттеринин, эмгек китепчелеринин, пенсиялык күбөлүктөрдүн) көчүрмөлөрү, сүрөттөр жана башка каттын тиркемелери жарандын кайрылуусуна тиркелип, бекитилет.

 

            2.3.Жарандардан жазуу жүзүндөгү кайрылууларды түздөн түз кабыл алуу коомчулук менен байланышуу жана документациялык камсыздоо боюнча секторунун башкы адиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коомдук кабылдамасында жүргүзүлөт. Эгерде жазуу жүзүндөгү кайрылууда жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон кайрылуунун авторунун (авторлорунун) аты-жөндөрү же почта дареги көрсөтүлбөсө, башкы адис Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамынын талаптарын (9-бер. 8-п.) кайрылуу жолдогон адамга (кайрылууну жеткирген адамга) түшүндүрөт жана кайрылуу тоголок кат деп таанылары жана каралууга жатпай тургандыгы жөнүндө эскертет.

 

            2.4.Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына келип түшкөн кайрылуунун биринчи бетинин оң жагындагы төмөнкү бурчуна “Кириштелген документ. Номер. Датасы” белгиленген каттоо штампы басылат. Эгерде штамп үчүн белгиленген орунду каттын тексти ээлеп калса, штамп кайрылууну окууну камсыз кылган башка орунга басылат. 

 

            2.5. Жарандардан Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине келген жазуу жүзүндөгү бардык кайрылуулар, ошондой эле, электрондук документ түрүндөгү кайрылуулар келип түшкөн үч күндүн ичинде катталат. Эгерде акыркы мөөнөтү жумуш эмес күнүнө туш келсе, анда жазуу жүзүндөгү кайрылуу ага жакын жумуш күнүндө каттоодон өткөрүлөт.   

 

            Журнал сектор башчысы тарабынан номерленип, боолонуп, мөөр басылат жана күбөлөндүрүлөт. Мындан тышкары, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине келген кайрылуулары башкы адис тарабынан коомдук кабылдамада электрондук документ жүгүртүү жана иш кагаздарын жүргүзүү тутумун пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.   

 

            Классификациялоо жана эсепке алуу үчүн кайрылуулардын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталган:

-электрондук кайрылуулар – адамдын Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын электрондук почтасынын расмий дарегине келип түшкөн кайрылуусу; 

- арыз – жарандын өзүнүн конституциялык укуктары менен эркиндиктерин же башка адамдардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жөнүндө жарандын өтүнүчүн камтыган кайрылуусу, же болбосо, анда көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын ишиндеги кемчиликтери жөнүндө билдирүүсү; 

-даттануу – жарандын анын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчүн камтыган кайрылуусу; 

-жекече кайрылуу – бир жарандын кайрылуусу;

-жамааттык кайрылуу – эки же андан ашуун жарандардын кайрылуусу, жарандардын атынан уюмдун кайрылуусу, ошондой эле, митингдердин жана жыйындардын резолюциялары.

 

Эгерде катка эки же андан ашуун адамдардын колу коюлса, анда биринчиси же кайрылуунун жообун кайтаруу өтүнүчү көрсөтүлгөн автордун дарегине катталат.

 

2.6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине кайталанган жазуу жүзүндөгү кайрылуулар келип түшкөндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш  секторунун башкы адиси тарабынан аталган маселе боюнча мурдагы кайрылууларына байланыштуу кат алмашуулар милдеттүү түрдө тандалып чыгат.  

Жарандардын кайталанган каттары катары бир эле маселе боюнча бир эле адамдан келип түшкөн каттар эсептелет. 

 

2.7. Кайрылууну каттоодо автордун фамилиясынын башкы тамгасынан жана келип түшкөн кайрылуунун журнал боюнча иреттик номеринен турган каттоо номери бекитилет.

 

Каттоодо жарандарын кайрылууларын номерлештирүү календардык жыл ченеминде жүргүзүлөт. 

 

Жамааттык кайрылууну каттоодо каттоо номерине «Жам.» баштапкы тамгалары коюлат.   

 

2.8. Эгерде кайталанган кайрылуу аны жолдогон адамдан мыйзам тарабынан кароо мөөнөтү бекитилген мөөнөт бүткөнгө чейин келип түшсө, аталган кайрылууга биринчи кайрылуунун номери бөлчөк белгиси аркылуу ажыратылып, иреттик номерди кошуу менен жазылат.

 

2.9. Келип түшкөн кайрылуу катталгандан кийин “Иштөөгө” таризделет. 

 

2.10. Сектор тарабынан каттоого алынбаган кайрылууларды кароого, аткарууга алууга жол берилбейт. 

 

3.Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларын кароо тартиби

 

3.1. Жарандардын катталган кайрылуулары (түп нускасы), ошондой эле, электрондук документ формасындагы кайрылуулар, тиркемелери менен бирге (эгерде кайталанган кайрылуулар болгон учурда – мурдагы кайрылуулар боюнча кат алмашуулары менен   бирге) коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкери Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш секторунун башкы адиси тарабынан тиешелүү жетекчиге жолдонот.

 

3.2. Эгерде жарандын кайрылуусунда (анын ичинде фамилиясы же почта дареги көрсөтүлбөгөн) даярдалып жаткан мыйзамга каршы иш-аракеттер, ошондой эле, аны даярдалып жаткан, ишке ашырып жаткан же ишке ашырган адам жөнүндө маалымат камтылса, компетенциясына ылайык тийиштүү мамлекеттик органга кайрылуу токтоосуз (келип түшкөн күнү) жолдонот.

 

Кайрылуулар түздөн түз Аппараттын түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан (анын ичинде жерине чыгуу менен) каралат. 

 

Тапшырма өз ичине түзүмдүк бөлүмчөнүн аталышын, тапшырма берилген адамдын фамилиясын жана инициалын, аракетке алуу жөнү тууралуу кыскача формулировкаланган текстти, аткаруунун тартибин жана мөөнөтүн, жетекчилердин кол тамгасынын чечмелүүсү менен, ошондой эле, датасын камтышы керек. 

 

Ташырма ар бир аткаруучуга өз алдынча аракет, тапшырманы аткаруунун тартиби жана мөөнөтү тапшырылган бир нече бөлүктөн турушу мүмкүн.

 

Эгерде ыйгырым өкүлдүн, орун басарларынын жана орун басары рангындагы аппарат жетекчисинин резолюциясында кайрылууну кароо бир нече аткаруучуларга тапшырылган болсо жана жооптуу аткаруучу аныкталбаса, кароонун мөөнөтүнө контроль кылууну жана отчетту даярдоону резолюцияда биринчи болуп көрсөтүлгөн аткаруучу жүзөгө ашырат. 

 

Ыйгырым өкүлдүн, орун басарлары жана орун басары рангындагы аппарат жетекчиси тарабынан виза коюлгандан кийин коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкери Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коомчулук менен байланышуу жана документациялык камсыздоо боюнча секторунун башкы адиси эки күндүк мөөнөттөн кеч эмес убакытта бардык аткаруучуларга кайрылуунун көчүрмөлөрүн жана ага тиркелген материалдарды жөнөтөт. Кайрылууларды карап чыгуу жана жооп даярдоо үчүн, мамлекеттик сырга ээ маалыматтар камтылган материалдардан жана документтерден башка бардык зарыл материалдарды келип түшкөн күндөн тартып белгиленген мөөнөттүн ичинде белгиленсин. 

 

3.4. Жарандардын Аппаратка келип түшкөн кайрылуулары алар катталган күндөн тартып 14 күн ичинде (эгерде резолюцияда аткаруунун андан кыска мөөнөтү көрсөтүлбөгөн болсо) каралат.

 

Жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине келип түшкөн  электрондук документ формасындагы кайрылуулары алар катталган күндөн 14 күн ичинде (эгерде резолюцияда аткаруунун андан кыска мөөнөтү көрсөтүлбөгөн болсо) каралат.

 

Жарандын кайрылуусундагы маселелерди чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү  жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда кайрылууларды чечүү мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаган убакытка кайрылууну жолдогон жаранга бул жөнүндө билдирүү менен узартылышы мүмкүн. 

 

3.5. Жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларын өз убагында кароого, ошондой эле, жооптун толук кандуу жана объективдүү болушуна жоопкерчиликти кайрылууну кароого жана жоопту даярдоого жөнөтүлгөн аткаруучулар алышат. 

Аппараттын кызмат адамы тарабынан кайрылуунун ээсине формалдуу жазуу жүзүндөгү жооп (отписка) жөнөтүлгөн болсо, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Документтик камсыздоо жана коомчулук байланыш секторунун башкы адиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы аппарат жетекчисинин наамына кызмат адамын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө билдирилет. 

 Рапорт менен бирге жарандын кайрылуусу боюнча материалдардын көчүрмөлөрү жолдонушу керек.  

Аппаратта кайрылуунун авторуна формалдуу жазуу жүзүндөгү жооп (отписка)   жөнөткөн кызмат адамына карата кызматтык иликтөө жүргүзүү уюштурулат жана кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кызмат адамына карата дисциплинардык мүнөздөгү чаралар колдонулушу тийиш. 

 

3.6. Жарандын жазуу жүзүндөгү кайрылуусундагы маселелерди чечүү Аппараттын компетенциясына тийиштүү болбогон учурда кайрылуу катталган күндөн тартып беш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын тиешелүү тармактарды тейлеген орун басарларынын резолюциясы менен, тийиштүү органга кайрылуунун дарегинин кайра даректелгендиги жөнүндө жаранга билдирүү аркылуу жөнөтүлөт. 

 

3.7. Жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жаңылыш даректелген кайрылуулары эки күн аралыгында катты жөнөткөн адамга кайтарылат же болбосо, катты жөнөткөн адам менен макулдашылып, тийиштүүлүгү боюнча жөнөтүлөт. 

 

3.8. Аткаруучу чечимдерди кабыл алуу жана түшүндүрмө алуу үчүн кайрылууну жолдогон адамды жекече баарлашууга чакырууга, белгиленген тартипте кошумча материалдарга сурап алууга акылуу. 

 

3.9. Жооптуу аткаруучулар зарылдыгы болгон учурда кайрылууну кароону жерине чыгуу менен камсыз кылат. 

 

3.10. Кызмат адамы зарылдыгы болгон учурда кайрылууну кароо үчүн керектүү документтерди жана материалдарды мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коргоо органдарынан, анын ичинде электрондук түрүндө сурап алат.

 

3.11. Кайрылууну комиссиялык кароонун зарылдыгы болгон учурда аны кароо жолдонгон кызмат адамы комиссия курамын жана кароонун жыйынтыктары боюнча материалды жана кайрылууну жолдогон адамга жоопту даярдоо үчүн жооптууну аныктайт.

 

Кайрылууну мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте жыйында  кароонун зарылдыгы болгон учурда аны кароо жолдонгон кызмат адамы жыйналышты даярдоого тапшырма берет. Жыйналыштын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп,  кайрылууну жолдогон адамга жооп даярдалат. 

 

3.12. Чечимине же аракетине (аракетсиздигине) арыздануу мазмунундагы кайрылууну  ошол уюмга же кызмат адамына кароого жөнөтүүгө тыюу салынат. 

 

3.13. Соттун чечимине даттануу камтылган кайрылуу катталган күндөн үч күн ичинде кайрылууну жолдогон жаранга аталган соттук чечимге даттануу тартибин түшүндүрүү менен кайтарылат. 

 

3.14. Эгерде жаран жазуу жүзүндө арыз (электрондук документ формасындагы билдирүү-кабарлама) менен анын кайрылуусун кароону токтотуу жөнүндө кайрылса, кайрылууну кароо токтотулат, бул жөнүндө арыз берүүчүгө билдирилет.  

 

Эгерде кайрылууну кароодо үчүнчү жактардын кызыкчылыктарына берилгендиги аныкталса, алар аны кароого жазуу жүзүндө каршылык келтирсе, кайрылууну кароо токтотулат, кайрылган адамга бул жөнүндө билдирилет. 

 

3.15. Эгерде жазуу жүзүндөгү кайрылуунун тексти окулбаса, кайрылууга жооп берилбейт жана ал мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же кызмат адамына алардын компетенциясына ылайык кароого жөнөтүүгө жатпайт, эгерде кайрылууну жөнөткөн адамдын фамилиясы жана почта дареги окулса, бул жөнүндө кайрылуу катталган үч күндүн ичинде жаранга билдирилет. 

 

Эгерде көрсөтүлгөн кайрылуунун мазмунунда даярдалып жаткан, ишке ашырылган же ишке ашырыла турган мыйзамсыз аракет жөнүндө, ошондой эле, аны даярдап жаткан, ишке ашырган же ишке ашырууга аракет кылган адам жөнүндө маалымат камтылса, кайрылуу мамлекеттик органга анын компетенциясына жараша жөнөтүүгө жатат. 

 

3.16. Уят-сыйытсыз же болбосо, мазактап кордогон сөздөр камтылган, кызмат адамынын, ошондой эле, кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч туудурган мазмундагы жазуу жүзүндөгү кайрылууну алууда,  кайрылуу анда коюлган маселелердин маани-маңызы боюнча жоопсуз калтырылат жана кайрылууну жөнөткөн жаранга укукту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбей тургандыгы билдирилет.

 

 

4. Жарандардын кайрылууларын кароодо жоопторду даярдоого талаптар 

4.1. Жарандардын кайрылууларына жоопторду даярдоодо төмөндөгүдөй талаптар сакталышы керек:

 

- текстте кайрылууну берген адамдын фамилиясын, ысымын, атасынын атын көрсөтүү менен кайрылуунун кыскача мазмуну баяндалышы  керек;

 

-эгерде жарандын катында бир нече маселелер камтылса, жоопту ар бир каралган маселе боюнча өзүнчө бөлүп, түзүү керек;

 

-жоопто ар бир маселе боюнча ачыкталган текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана аларды жок кылуу боюнча чаралар жөнүндө билдирилиши керек;

 

-арызда баяндалган фактылардын тастыкталышында жоопто күнөөлүү кызмат адамдарына кандай чаралар көрүлгөнү көрсөтүлүшү керек;

 

-кайрылууда камтылган сунуштарды, өтүнүчтөрдү аткаруудан баш тартууда тийиштүү мыйзам актыларына шилтеме келтирүү менен аргументтештирилген түшүндүрмөнү берүү зарыл.

 

4.2. Жарандардын кайрылууларына жооптордо төмөндөгүлөргө жол берилбейт: 

- мазмунундагы бири-бирин жокко чыгарган маалымат;

 

-коюлган маселелерди чечүүгө формалдуу мамиле;

 

-ачыкталган кемчиликтерди жок кылуу максатында кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтын жоктугу;

 

- эгерде арыз берүүчүнүн жүйөөсүнө карама-каршы келип, баяндалган позициянын пайдасына аргументтер болбосо;

 

-катта коюлган маселелердин жок дегенде бирөөнү кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат болбосо;

 

4.3. Аппаратка электрондук документ формасында келген кайрылууларга жооп кайрылууда көрсөтүлгөн электрондук почтанын дареги боюнча электрондук документ формасында же кайрылууда көрсөтүлгөн (эгерде кайрылган адам тарабынан башка вариант көрсөтүлбөсө) почта дареги боюнча жазуу жүзүндө жөнөтүлөт. 

 

Кайрылуулар боюнча жоопторго ыйгарым укуктуу кызматкерлер тарабынан кол коюлат.

 

4.4.Арыз берүүчүгө бардык жооптор, ошондой эле, арыз берүүчүгө жооптордун көчүрмөлөрү кайрылуу жолдогон адамдардын жоопторун каттоо журналына катталат. 

 

4.5. Кайрылууну кароонун мөөнөтүнүн бүтүшү катары арыз берүүчүгө жоопту (билдирүүнү) жөнөтүү жана каттоонун датасы же оозеки билдирүүнүн авторуна кабыл алынган чечимди баяндоонун датасы эсептелет. 

 

5.Жарандардын кайрылуулары менен иштин абалына утурумдук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби 

5.1. Коомчулук менен байланышуу жана документациялык камсыздоо боюнча секторунун башкы адиси тарабынан жоопту тариздөөнүн тууралыгы текшерилет. 

Жоопто белгиленген талаптар аткарылбаган учурда башкы адис аткаруучуга жоопту кошумча маалыматты берүүнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен толуктап иштеп чыгууга кайтарат; 

Аткаруунун мөөнөттөрүнө контроль каттоо-контроль жүргүзүү формасы (журналы) боюнча  ишке ашырылат;

Кайрылууну кароонун мөөнөтүн узартуу, ошондой эле, кайрылуунун бардык кыймылы (анын аткаруучудан аткаруучуга берилиши) каттоо-контроль жүргүзүү формасында (журналында) аткаруучунун фамилиясын жана ага документтин берилген датасын көрсөтүү менен белгиленет. 

 

5.2. Коомчулук менен байланышуу жана документациялык камсыздоо боюнча секторунун башкы адиси жумасына бир жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчисине жарандардын түзүмдүк бөлүмчөлөрдө турган кайрылууларынын саны жөнүндө тактаманы даярдайт. 

 

5.3. Аппараттын кайрылуулар менен иш алып барган кызматкерлери аларда турган документтердин жана каттардын сакталышына, алардын кароосунда турган кайрылуулар боюнча арыз берүүчүлөргө жооптордун өз убагында жана толук кандуу берилишине жоопкерчилик алышат. 

 

Кайрылууларда камтылган маалыматтар кызматтык максатта жана кайрылуу менен иш алып барган адамдын ыйгарым укуктарына ылайык пайдаланылышы мүмкүн. Кайрылууда камтылган кайрылууну жолдогон адамдардын жеке турмушу жөнүндө маалыматты алардын уруксатысыз жарыялоого тыюу салынат. 

 

Аткаруучу тарабынан жарандардын кайрылуулары жоголуп кеткен учурда кызматтык иликтөө дайындалат, анын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары рангындагы аппарат жетекчисине маалымдалат. 

 

5.4. Аткаруучу эмгек өргүүсүнө кеткен учурда жарандардын анын аткаруусуна алынган кайрылуулардын бардыгын анын ордун убактылуу алмаштырган кызматкерге өткөрүп берүүгө милдеттүү. Башка жумушка которулган учурда же Аппараттагы ээлеген кызматынан бошогондо аткаруучу ага аткарууга дайындалган кайрылуулардын бардыгын коомчулук менен байланышуу жана документациялык камсыздоо боюнча секторуна тапшырышы  керек. 

 

6.Жарандардын кайрылуулары менен иштөөгө анализ жүргүзүү 

 

6.1. Коомчулук менен байланышуу жана документациялык камсыздоо боюнча секторунун башкы адиси ай сайын бир жолудан кем эмес Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн дарегине келип түшкөн кайрылууларды мүнөзү, кайрылуулардын мазмуну жана анализдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде аталган мезгилге карата калкты толкунданткан маселелерди аныктайт.