Кулактандыруулар

Түрк элине колдоо көрсөтүү эсеби ачылды

Жаратылыш алааматы кайсы күнү кимдин башына келээри, кайсы элди кандай тагдыр, кандай келечек күтүп турганы баарыбызга табышмак. Күтүүсүз кырсыктан эс-учун жыя албай турган түрк боордошторубузга колдоо көрсөтүү үчүн КР Финансы министрлиги тарабынан атайын эсеп ачылды.

Түрк элине материалдык колдоо көрсөтүү боюнча Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун сунушун Нарындагы бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери туура кабыл алып, бир күндүк эмгек маяналарын которуп берүүнү чечишти.

Боордошторго кол сунуп, жардам берүүнү каалаган бардык жарандар төмөндө көрсөтүлгөн эсепке колдон келген каражатыңыздарды которуп берсеңиздер болот.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар бир райондордогу жана Нарын шаарындагы бөлүмдөрүндө жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк, азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү каражаттарды топтоо иштери уюштурулууда.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.