Кулактандыруулар

“Теңир Тоо өнүктүрүү фонду” социалдык-экономикалык долбоорлорду каржылайт

Нарын облусунун “Теңир Тоо өнүктүрүү фондуна” 250 миллион сом каражат келип түштү.

Бул каражат Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга, жарандардын жашоо-турмушунун деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү коомчулуктун, мамлекеттик жана жергииктүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгелерин колдоого, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлугун жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган социалдык жана экономикалык долбоорлорго жумшалат.

Учурда облус жетекчилигинин тапшырмасы менен “Теңир Тоо өнүктүрүү фондунун” кызматкерлери тарабынан бардык райондордо долбоорлорду даярдоо боюнча кеңеш берүүчү семинарлар өткөрүлүүдө. Бул иш чарага айыл өкмөт башчылары, мекеме-уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер, жеке ишкерлер катышып, маалымат алууда.

Фонддун жетекчиси Ниязбек Шаякматов билдиргендей, фонддогу каражаттын 50 пайызы жергиликтүү бюджетке киреше алып келе турган өндүрүштүк-экономикалык долбоорлорго, 20 пайызы социалдык, 30 пайызы насыялык долбоорлорго жумшалат.

Долбоордук өтүнмөлөр жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Нарын облусундагы облустук, райондук жана шаардык мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-ноябрындагы № 220 токтому менен бекитилген формада таризделип, 2022-жылдын 1-июлунан 30 ноябрына чейин Фондго тапшырылуусу зарыл.

Долбоорлор боюнча суроолор болсо төмөндөгү телефондор аркылуу байланышып, кошумча маалымат алсаңыздар болот: