Кулактандыруулар

Нарында улуттук ат оюндары боюнча мелдеш өткөрүлөт

Нарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна арналган улуттук ат оюндары боюнча республикалык деңгээлдеги мелдеш өткөрүлөт.
Мелдеште “Көк бөрү”, “Ат чабыш” жана “Эр эңиш” улуттук ат оюндары камтылып, оюндар үстүбүздөгү жылдын 25-августунан 31-августуна чейин Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагындагы О.Мамытов атындагы ат майданында уюштурулат.
Ат оюндарынын салтанаттуу ачылышы 25-августта саат 11.00до болот. Ушул күнү эртең мененки саат 9.00дөн “Көк бөрү” оюндары башталат. “Көк бөрүгө” республиканын аймактарынан 19 команда катышаары күтүлүүдө.
Ат оюндарынын жалпы байгелик фонду 2 миллион 900 миң сомду түзөт. Анын ичинен "Көк бөрүгө" 2 миллион сом, "Ат чабышка" жана "Эр эңишке" КР Дене тарбия жана спорт департаментинен 900 миң сом каралган.
Учурда даярдык иштери кызуу жүрүп жатат.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.