Кулактандыруулар

Мекен чегинде окко учкан баатырлар түбөлүк жүрөгүбүздө...

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан куралдуу кагылышууда, тилекке каршы, Нарын облусунун 5 эр-азаматы мекенди коргоп жатып баатырларча курман болду.
Алар: Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын кулуну, улук лейтенант Жекшенбеков Апсамат Жекшенбекович;
Нарын районунун Эчки-Башы айылынын кулуну, улук лейтенант Алмаз уулу Бейкут;
Нарын районунун Оттук айылынын кулуну, улук сержант Жаныбеков Нурсултан Жаныбекович;
Нарын районунун Куланак айылынын кулуну, катардагы жоокер Какеев Мирлан Эсенгулович.
Жумгал районунун Миң-Куш айылынын кулуну, Жеңишбек Иманбек уулу.
Чек арачы уулдарыбыз Манас атабыздан бери келе жаткан чыныгы баатырдыктын үлгүсүн көрсөтүп, кыргыз мамлекеттүүлүгү, кыргыз эли, кыргыз жери үчүн окко учту. Күлгүндөй курагында шейит болгон эр-азаматтарыбызга кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз сыздап турат... Алардын жасаган эрдиги жана жаркын элеси кыргыз элинин, теңиртоолуктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калат...
Баатыр уулдарын жоготкон ата-энелерге, бир туугандарына, жакындарына, кыргыз журтчулугуна
терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз...
А.Эргешов, А.Сапаров, Э.Садыкова, Ж.Беккелдиев, Б.Жакиев, А. Мураталиев, А.Жумабеков, А.Аттокур уулу, Х.Шералиев, А.Чакиев, А.Болотбеков, Н.Мадимаров, Э.Абдыкадыров, К.Тутуев, Ж.Жапаров, Ж.Матанбаев, К.Исраилов.