Кулактандыруулар
Казыбек казалчынын 120 жылдык мааракеси белгиленет
Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда кыргыз маданиятында, адабиятында тарыхында маанилүү орду бар алгачкы кыргыз интеллигенттеринин бири, төкмө, комузчу, казалчы Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдык мааракеси белгиленет.
Мааракеге арналган маданий иш чара 6-август күнү саат 10.00до башталат.
Иш чаранын алкагында улуттук спорт оюндары, Казыбек казалчыга арналган театралдаштырылган концерттик программалар, “Боз үй”, “Кол өнөрчүлөр” жана “Улуттук тамак-аш” боюнча кароо-сынактар камтылат.
Теңиртоолуктарды жана меймандарды мааракеге катышып, күбө болууга чакырабыз!!!
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.