Кулактандыруулар

Баткенге жардам жөнөтүүгө салым кошолу

Урматтуу теңиртоолуктар!
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Нарын облусунда жана райондорунда облустук, райондук штабдар жана гуманитардык колдоолорду кабыл алуучу пункттар түзүлдү.
Мекеме-ишканалар бир күндүк айлык маяналарын чогултууда.
Баткендик мекендештерибизге ар бириңиздер кол сунуп, бузулуп кетпей турган азык-түлүк, зарыл болгон тиричилик каражаттарынан жардам берүүгө чакырабыз!!!
Жардамдар бүгүн кечке чогултулуп, эртең дарегине жеткирилет!!!
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.