Кулактандыруулар

"Таза мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында тазалык акциясы өткөрүлөт

2022-жылдын 8-октябрында КР Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктарыны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык "Таза мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында республиканын бардык аймактарында ишембиликтер уюштурулат.
Ишембиликке мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишканалардын, коомдук-уюмдардын кызматкерлери тартылат.
Тазалык акциясынын алкагында калктуу конуштардын, мекеме-ишканалардын аймактарын, токойлорду, парктарды, туристтик аймактарды, мамлекеттик коруктарды жана ЮНЕСКОнун тарыхый мурастарынын тизмесине кирген обьектилерди тазалыкаа келтирүү иши колго алынат.
Андыктан Нарын облусунун жалпы тургундарын жана бардык мекеме-уюмдардын кызматкерлерин тазалык акциясына жигердүү катышууга чакырабыз!!!
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты.