Айыл чарба
Нарын облусунун айыл чарба тармагы тууралуу маалымат
Айыл чарба продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң өндүрүү 2022-жыл январь-июнь айларынын ичинде 9248,1 млн. сомду түздү же өсүү темпи 101,4% болду.
Көрсөткүчтөр |
өлчөө бирдиги |
2021-жылдын январь-июнь айларындагы факт |
2022-жылдын январь-июнь айларынын |
|
фактысы |
фактка карата % менен |
|||
Айыл чарба продукциясын дүң өндүрүү аракеттеги бааларда |
млн. сом |
9118,4 |
9248,1 |
101,4 |
Мал чарба продукциясын өндүрүү |
|
|
|
|
Эт (тирүү салмакта) |
миң тонна |
24,7 |
25,2 |
101,8 |
Сүт |
миң тонна |
56,2 |
57,4 |
102,2 |
Жумуртка |
миң даана |
3515 |
3567 |
101,5 |
Жүн |
тонна |
2246 |
2297 |
102,3 |
Мал чарбасы: 2022-жылдын 1-январына карата өткөн жылга салыштырмалуу ири мүйүздүү мал 12523 башка же 106,7%, кой-эчкилер 12761 башка же 101,4%, жылкылар 6203 башка же 104,7%, үй канаттуулары 3825ке же 101,8% көбөйдү.
Малдын саны 01.01.2021-жылга караганда 2022-жылдын 1-январына карата Ак-Талаа районунда 4042 башка, Ат-Башы районунда 5483 башка, Жумгал районунда 1953 башка, Кочкор районунда 3956 башка жана Нарын районунда 19128 башка өскөн.
Мамлекеттик статус алган асыл тукум чарбалардын саны 30га жетти. Алардын карамагында 8431 баш кой, 513 баш жылкы, 975 баш уй, 400 баш топоз багылууда.
Мындан сырткары 29 жеке фермердик чарба тарабынан асыл тукум малдын башын көбөйтүү максатында, “Ала-Тоо”, “Абердин-Ангус”, “Герофорд”, “Симментал” “Ала-Баш” “Черный-Пестрый” жана “Голштейн” пародасында эт-сүт багытындагы 1198 баш уй (анын ичинен 250 баш топоз), Тянь-Шань жарым уяң жүндүү, Эдилбай, Романов, Гиссар жана Жайдары пародасындагы 3955 баш кой, 82 баш Жаңы Кыргыз пародасындагы жылкы багылып, башын көбөйтүү аракети көрүлүүдө. Каттоодон өткөн 39 малды жасалма жол менен уруктандыруучу куут пункттарынын ишин жандандыруу аракеттери көрүлүүдө.
Малдын жана үй-канаттуулардын саны боюнча маалымат
Райондор/шаар |
Имм |
Кой, эчкилер |
Жылкылар |
Үй канаттуулары |
|||||||||
2021-ж |
2022-ж |
+,- |
2021-ж |
2022-ж |
+,- |
2021-ж |
2022-ж |
+,- |
2021-ж |
2022-ж |
+,- |
||
Ак-Талаа |
19944 |
22272 |
2328 |
134799 |
135813 |
1014 |
14443 |
15143 |
700 |
30262 |
31677 |
1415 |
|
Ат-Башы |
44385 |
46284 |
1899 |
258476 |
260909 |
2433 |
31025 |
32176 |
1151 |
24949 |
26345 |
1396 |
|
Жумгал |
28463 |
29770 |
1307 |
185003 |
185313 |
310 |
23048 |
23384 |
336 |
44518 |
44573 |
55 |
|
Кочкор |
43775 |
45416 |
1641 |
224954 |
226484 |
1530 |
27392 |
28177 |
785 |
62831 |
63711 |
880 |
|
Нарын |
47507 |
52827 |
5320 |
271081 |
281676 |
10595 |
33858 |
37071 |
3213 |
38148 |
37993 |
-155 |
|
Нарын.ш |
3175 |
3203 |
28 |
26798 |
26677 |
-121 |
1878 |
1896 |
18 |
6358 |
6502 |
144 |
|
Облус боюнча |
187249 |
199772 |
106,7 |
1101111 |
1116872 |
101,4 |
131644 |
137847 |
104,7 |
207066 |
210891 |
101,8 |
|
Облустагы 2 млн 291 миң гектар жайыттардын 1 млн 680 миң гектары (73,3%) пайдаланылды. Жайыт акыны өндүрүүнүн жылдык планы 24818,3 миң сомду түзүп, 2022-жылдын 6 айына 4872,1 миң сому чогултулуп, план 19,6 % гана аткарылды.
Жайыт акылардын чогултулушу боюнча маалымат
№ |
Район-дор |
Бардык жайыт (га) |
Анын ичинен пайдаланылганы (га) |
% менен
|
Пайда-ланыл-бай калган жайыт (га) |
% менен
|
Жайыт үчүн өндүрү-лүүчү сумма (миң сом) |
Өндүрүл-гөнү, факт (миң сом) |
% ме-нен
|
|
1 |
Ак-Талаа |
395554 |
389327 |
98,4 |
6227 |
1,6 |
3722,7 |
956,7 |
25,6 |
|
2 |
Ат-Башы |
694327 |
307405 |
44,3 |
386922 |
55,7 |
3815,4 |
979,1 |
25,6 |
|
3 |
Жумгал |
220482 |
188974 |
85,7 |
31508 |
14,3 |
4032,6 |
1313,5 |
32,5 |
|
4 |
Кочкор |
410275 |
379149 |
92,4 |
31126 |
7,6 |
5595,4 |
836,9 |
14,9 |
|
5 |
Нарын |
571301 |
415507 |
72,7 |
155794 |
27,3 |
7652,2 |
785,9 |
10,2 |
|
Облус |
2291939 |
1680362 |
73,3 |
611577 |
26,7 |
24818,3 |
4872,1 |
19,6 |
Малды ветеринардык жактан сапаттуу тейлөө максатында, облустун 44 айыл аймагында ветеринардык клиникалар курулуп, иш жүргүзүшүүдө.
Идентификация:2022-жылдын 1-июлуна карата 77 миң 723 жылкы, 46 миң 233 баш уй мүйүздүү мал идентификацияланды. Майда жандыктар өткөрүлө элек. Малдарды жайыттарга жеткирүү, коруктарды уюштуруу иштери жергиликтүү бийлик органдары тарабынан көзөмөлгө алынууда.
№ |
Райондор |
Пландалган мал (баш) |
Идентификация болгон мал (баш) |
% менен |
1 |
Ак-Талаа |
22272 |
7137 |
32,0 |
2 |
Ат-Башы |
46284 |
9913 |
21,4 |
3 |
Жумгал |
29770 |
7011 |
23,5 |
4 |
Кочкор |
45416 |
10641 |
23,4 |
5 |
Нарын |
56030 |
11531 |
20,5 |
|
Облус |
199872 |
46233 |
28,1 |
Ирригация: Нарын облусу боюнча мамлекеттик суу чарба тармактарына капиталдык оңдоо жумуштарын жүргүзүүгө мамлекеттик бюджеттен 2022-жылга биринчи жолу 104 млн 62,8 миң сом каралып, 84 млн 93,7 миң сом, же 81% каржыланып, 2022-жылдын 1-июлуна карата 74 млн 784,3 миң сомдук оңдоо жумуштары аткарылып, жылдык планга салыштырмалуу 71,8%ды түздү. Мунун ичинде 41,2 км канал ремонттолуп, 2,5км канал бетондолуп, 84,9 км канал механикалык жол менен тазаланып, 97 гидротехникалык курулуштар ремонттолуп, 66гидропосттор оңдолуп, 19 насостук станциялар, 56 агрегаттар ремонттолуп, 8 агрегат алмаштырылды.
2022-жылдын 1-июлуна карата облус боюнча 267,3 млн.м3 сугат суусу берилип, 139,9 миң га аянт сугарылды. (2021-жылы 1 -июлга 217,9 миң м3 суу берилип, жалпы сугарылган аянт 122,7 миң га түзгөн). 31,7 миң гектар жазгы ным топтоо сугатынан 103,1 миң гектар 1-сугаттан, 5,0 миң га 2-сугаттан өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдагы туруктуу өнүгүү стратегиясына 9 суу чарба обьектилер киргизилген . Азыркы учурда курулуш иштери Суу чарба департаментинин капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп бул обьектилерде төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды.
Түгөл-Сай өзөнүнө суу сактагыч куруу боюнча геологиялык изилдөө жумуштары жана долбоорлоо сметалык документтери даярдалып, донору аныкталды (Ислам банк). Курулуш бүткөрүлсө 1500 га жер өздөштүрүлүп, 3400 га жерге суу берүү жакшыра
Кочкор районундагы Шамшы БДРин куруу үчүн долборлоо сметалык документтерин даярдалып, донору аныкталды (Ислам Банк). 2020-жылы ЖКтин ратификациясынан өткөн. Курулуш бүткөрүлсө 1400 га жер өздөштүрүлөт.
Жалпы 9 обьекттин бүткөрүлүшү менен 8751 га жер жаңы өздөштүрүлүп, 11868 га жерге суу берүү жакшырат.
“Айыл-чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорунун алкагында облустун аймагында 5 СПАнын ички чарбалык каналдарын калыбына келтирүү каралган. 148,8 млн сомдук 3 долбоор ишке ашырылууда. 2022-жылдын 1-июлуна карата 88,2 млн сомдук (59,2%) жумуштар аткарылды.
Жазгы сугат мезгилине ички чарбалык каналдарды даярдоо боюнча 10 млн 836,6 миң сомдук иштер пландалып, 12 млн 258,3 миң сомдук жумуштар аткарылган. Мунун ичинде:
Ак-Талаа районундагы 10 СПАда 36,0 км канал ашар жолу менен 8,2км канал механикалык жол менен тазаланып, 2млн 66,0 миң сомго 26км канал, 47 гидротехникалык курулмалар оңдолду.
Ат-Башы районундагы 7 СПАда 1 млн 355,7 миң сомдук 4,5км каналды оңдоо, 8,7 км каналды механикалык тазалоо, 20,6 км каналды кол менен тазалоо, 27 гидротехникалык курулманы оңдолду;
Жумгал районундагы 9 СПАда 94,8км канал ашар жолу менен, 10,3км канал механикалык жол менен тазаланып, 3 млн 277 миң сомго 2,0км канал, 17 гидротехникалык курулмалар оңдолду;
Кочкор районундагы 7 СПАда 92,3км канал ашар жолу менен 23,7км канал механикалык жол менен тазаланып, 4 млн 18,2 миң сомго 19,2 км канал, 36 даана гидротехникалык курулмалар оңдолду.
Нарын районундагы 6 СПАда 61,5 км канал ашар жолу менен, 8,7 км канал механикалык жол менен тазаланып, 1 млн 541,4 миң сомдук 2,0 км канал, 33 гидротехникалык курулмалар оңдолду.
Сугат системаларынан суу берүү Кочкор, Жумгал райондорунда 2022-жылдын 25-мартынан, Ак-Талаа, Нарын райондорунда 30-мартынан, Ат-Башы районунда 10-апрелинен башталып, сугат суулары менен камсыз кылынууда.
Айыл өкмөттөрдүн карамагындагы 1110,5 км каналдарды, 819 гидротехникалык курулуштарды, 16 БСРлерди, сугат системаларын ремонттон өткөрүү жана ашар жолу менен каналдарды оңдоп түзөө, тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Талаачылык: Айдап себүү иштеринин жыйынтыгы менен 43607,0 гектар жер айдалып, белгиленген пландан 8313 гектар, өткөн жылдагыдан 3 995 гектар жер ашык айдалып, план 124,0 % аткарылды. Мунун ичинен: 6 миң 471 гектарга буудай (108%), 21 миң 11 гектарга арпа (111%), 6 миң 303 гектарга картошка (97%), 492 гектарга жашылча (100%), 411 гектарга сафлор (103%), 140 гектарга жүгөрү (280%), 10 гектарга таруу (100%), 8 миң 906 гектарга чөп өсүмдүктөрүнүн түрлөрү айдалды
Облус боюнча жалпы пайдаланылбаган аянт өткөн жылдагыдан 1943 гектарга кыскарды.
Пайдаланылбай калган аянттар (га)
Райондор |
2019-жыл |
2020-жыл |
2021-жыл |
2022-жылдын 6 айына |
Кыскарганы |
Ак-Талаа |
710 |
438 |
395 |
302 |
-93 |
Ат-Башы |
2978 |
2955 |
2486 |
2384 |
-102 |
Жумгал |
4413 |
4383 |
4122 |
3102 |
-1020 |
Кочкор |
3171 |
2980 |
2705 |
2219 |
-486 |
Нарын |
1461 |
1247 |
1052 |
810 |
-242 |
Нарын.ш |
2 |
2 |
2 |
|
|
Облус б/ча |
12735 |
12005 |
10762 |
8817 |
1943 |
Облус боюнча 1773 трактор, 772 трактордук соко, 144 тырмоо, 209 эгин сепкич айыл чарба техникалары иш алып барышты. Облуста 25 техникалык тейлөө сервистери кызмат көрсөтүп келүүдө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17 «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын алкагында “Жашыл Мурас” улуттук компаниянын алкагында облус боюнча калктуу конуштарынын экологиялык абалдарын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, бак-дарактардын аянттарын көбөйтүү боюнча жалпы 110,0 гектарга 206 миң 837 көчөттөр тигилди.
Мындан тышкары Нарын облусунда айыл чарба кластерлерин түзүүдө облус боюнча 30,9 гектар жер аянтына 86601 түп карагат, 6,7 гектарга 11574 түп чычырканак отургузулуп, 411 гектар жер аянтына сафлор айдалды.